Күндүн суукташы менен адамдарда кулак, мурун жана тамак оорулары күч алганы байкалат. Бул учурда кантип кам көрүү керек жана жогорку дем алуу органдары бири-бири менен кандай байланышта, коронавирус бул органдарга кандай таасирин тийгизет.
Улуттук госпиталдын кулак мурун оорулар бөлүмүнүн дарыгери Нуржан Шабданбаева алгачкы маалыматтарда ковид-19 өпкөнү гана жабыркатат деп келген болсок, көптөгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында кандын айлануусу жайлап, тромбдорду пайда кыларын билдик. Ошентип ал кайсыл гана органга болбосун барып анын кызматын начарлатып жалпысынан айтканда дээрлик бардык органдарга таасирин тийгизет:
“Бул вирустар бир үй-бүлөнүн өкүлдөрү болгонуна карабай улам өзгөрүп жатат. 1-толкунда жыт билүүнүн жоголуп кетүүсү, начарлап кетиши же башкача жыттардын келүүсү. Ошондой эле даам сезүү жоголгон 2 белги менен белгилүү болгон. Ал эми 2-толкунда адамдар кулак угуусу начарлап кеткенине көбүрөөк даттанышты. Жана дагы кан тамырлардын жарылып кетиши инсульт көбүрөөк болду.”
Ковид-19 илдетинен кийин дагы жыт билүү, даам сезүү калыбына келбей жаткан учурлар бар. Бул дагы ар бир адамдын организмине байланыштуу кээ бир адамдарда 5-6 күндө эле кайра калыбына келип жатса, айрымдарында бир жылдан ашык убакыт өтсө дагы калыбына келбей жатат.
Кулакты чукуган болбойт!
Негизи кулактагы кулку адам сүйлөгөндө, тамактканганда жаак кыймылдагандан улам чыгыш керек. Көпчүлүк учурларда апалар балдарын жуунтуп бүткөндөн кийин атайын таякчалар менен тазалайбыз деп жатып, кокустатып же кулкуну ары түртүп алышат. Кулактын бери жагындагы эле сууну кургатып коюу жетиштүү. Өз алдынча аны чукуп, тазалап алганга болбойт.
Ангина жылына 5-6 иреттен көбүрөөк кармап баштаса дарыгерге кайрылуу керек
Ангина инфекциялык оору болуп эстептелгендиктен көп кездешет жана бул микроб жугат. Ангина татаалдашып кетүүсүнө жараша бөлүнөт. Бул оору муун жана жүрөк ооруларын жакшы көрөт башкача айтканда ооруну козгойт. Ошондой эле бөйрөктүн иштөөсүн, дем алуунун дагы начарлашын шарттайт. Оору жеңил-желпи көрүнгөнү менен убагында даарылабай койсо олуттуу кесепеттерге алып келүүсү мүмкүн.
Кулак, мурун, тамак ооруларына суукта кантип кам көрүү керек?
Жылуу жүрүү зарыл. Өзгөчө башты жылуу кармоо маанилүү. Азыр басымдуу жаштар чачын жууп алып эшикке чыгып кетишкет же муздакта баш кийимсиз жүрө беришет. Ошондой эле ооруп жаткан адамдын жанына барбаганга аракет кылуу керек. Эгер барганга туура келип жатса сөзсүз бет кап тагынуу зарыл.
Айгерим Кубатбекова