Кыргызстандагы «Арашан» асыл тукум койлору бир гана өлкө ичинде эмес, Орусия жана Казакстанда дагы жогору бааланып келет. Бул асыл тукум кантип пайда болгон? Анын башка койлордон артыкчылыгы эмнеде? Бул суроолорго “Кыргыз койчулары” коомдук бирикмесинин мүчөсү Атай Аббас уулу жооп берди.
— Саламатсызбы? «Арашан» асыл тукум кою кантип пайда болгон?
— Саламатсыздарбы! 2018-жылы Казакстанда көргөзмө болгон. Ал жакка Кыргызстанды дагы чакырышып, кой багуучулар барып катышкан. Ошол көргөзмөгө Кыргызстандан барган гиссар койлорун “силердики чоң экен, бул гиссар эмес”деп тажик коомчулугундагы эксперттер жокко чыгарган. Буга чейин биз гиссар деп жүрчүбүз. Ошондон кийин биз “Кыргыз койчулары” коомдук бирикмеси түзүлүп, «Арашан» асыл тукуму деген ат берип, мындан ары ушул тукумду пайда кылуу максатын көздөдүк.
— Ушул көргөзмөдө Гулливер кочкору биринчиликти алган экен. Кайсы асыл тукумга таандык экени аныкталбай туруп, кантип биринчи орунга ээ болгон?
— Ооба, ошол көргөзмөдө биринчиликти Кыргызстандан алып барылган Гулливер деген кочкор алган. Биз аны гиссар тукумундагы кочкор деп алып барганбыз. Бирок, ал жерден гиссар деп айтпагыла дегенине карабай, май-эт тармагында 188 кг салмак менен биринчиликти алган. Аны Казакстанда кой багууга кызыккан адам 16 миң долларга сатып алган.
— Демек, бул асыл тукум салмагы менен айырмаланат экен. Дагы кандай өзгөчөлүктөрү бар?
— Бул асыл тукум койлордун бөлөк койлордон бою менен айырмаланат. Мал базарына деле барганда бою жана көлөмү менен дароо көзгө урунат. Кулагы узун келип, 18 см жогору болот. Жүнү кызыл жана кылкандуу.
— «Арашан» деген ат кантип ыйгарылды?
— Ат берүү оңой болгон жок. Анткени, ар кандай ой-пикирлер болду. Элдин сунушу боюнча «Арашан» деген ат берилди. Андан кийин биздин коомчулук айыл чарба министрлигине кайрылган.
— Бул асыл тукумга Орусия жана Казакстандан суроо-талап көп болот экен. Эмнесине кызыгышат?
— «Арашан» асыл тукум негизделген соң, чет өлкөлөрдөн суроо-талап пайда боло баштады. Көбүнчө казакстандыктар кызыгат жана бүгүнкү күнгө чейин сатып алып жатышат. Орусиядан дагы суроо-талап болуп жатат. Бул асыл тукум менен Европа өлкөлөрүнө дагы чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок, ал үчүн ар бир койдун паспорту болушу кажет. Азыр 6 миң даана чип келген. 5800 «Арашан» асыл тукуму катталган. Алардын кызыгуусунун бирден бир себеби тукум көбөйтүү жана аргындаштыруу.
— Кыргызстанда кайсы аймактарда бул асыл тукум кеңири кездешет?
— Учурда Чүй облусунда кеңири кездешет. Андан кийин Ысык-Көл, Таласта дагы көбөйө баштады. Нарын, Ош облусунун тургундары дагы кызыгып жатат.
— Эми бул асыл тукумдун баасына келсек. Көргөзмөдө жана базарда ал кандай бааланат?
— Мына 2021-жылы Кара-Балтада көргөзмө болду. Ошол жерде кочкорлордун баасы 50 миң долларга чыкты. Бир кочкор 35 миң долларга сатылды. Дагы бир “Фокс” деген кочкор бар эле. Ал биринчи орунду алган. Ошону 50 миң долларга сураса, ээси сатпай койду. Себеби, андан дагы тукум алуу максаты бар экен. Ал эми базарга алып чыкканда ар кандай бааланышы мүмкүн. Негизи бул кой базарга чыгарылбайт, бирок акча каражаты керек болуп калган учурда гана чыгып калат. Базарга алып чыкканда салмагына жараша эт багытында бааланып калат.
Касиет Кубанычбек кызы
Мамытканов: Малга бир суткада 3 килограмм салмак кошууга болот