Нарын районуна караштуу Куланак айылында быйыл кыш өзгөчө катуу башталды. Декабрь айында эле суук катуу болгондуктан арыктагы суулар ташкындап, тургундарга зыян алып келди.
Тоого жакын жайгашкандыктан суу каптоодон биринчи жабыркаган Азат Абдрахмановдун үй-бүлөсү болгон. Үйүнүн астынан мал короого чейин суу барып тоңуп калган. Ошол себептен, орун жок койлорду мончого киргизүүгө туура келген. Жалпы Куланак айылынын эли 11-декабрь күнү чогулуп, жакшы эле суу башын тосушкан.
«Бул муз каптоо мал-жанга жаман болду. Мал жата албай калды , айла жок мончого жаткырып жатам. Азыр акыбал оор. Муздарды чагайын десем чагылбайт. Ушул калыпта жазга чейин калат окшойт. Малга күндүз муз үстүнө чөп салып берип, түнкүсүн мончого жаткырып жатам”, -деп кейиштүү сөзүн айтып өттү Азат Абдрахманов.
Дагы бир айыл тургуну Рыскелди Жусубалиевдин айтуусунда “мурдагыдан да быйылкы кыш абдан катуу болуп жатат. Декабрь убагында эле ушунча суук болуп, суулар тоңуп, жарылып жатса январь айында кандай абалга туш болобуз”-деген сөзүн баса белгилеп кетти.
Учкун айыл өкмөтүнүн суу боюнча адиси Эмил Токтоналиевди сөзгө тартканыбызда “Мындай кырдаал суунун ташкындоосунан көп эле жолу болуп келет. Суук 30-35 градустан да жогору болуп жаткандыктан суу көтөрүлүп тоңуп, кыйынчылык жаратып жатат. Каптарга топурак, күл толтуруп, тосуп жатабыз”-дейт Эмил Токтоналиев.
Жабырлануучуларга кандай жардам көрсөтүлүп, музду кандай жол менен кетирээри жөнүндөгү сурообузду Куланак айыл өкмөттүн катчысы Тилебек Жумабаевге узаттык. “Суук 25-30 градустан ашканда, суу көтөрүлүп, тоңуп калаарын эл жакшы билет. Акыркы эки күндүн ичинде ташкындоодон эки үй-бүлөнүн короо жайын каптап кеткен. Азыркы учурда айыл өкмөт тарабынан муздарды чагып, жардам берилип жатат. Өзгөчө кырдаалдар Министирлигинин адистери да көзөмөл салып турушат», -деген сөзүн айтып өттү.
Даярдагандар: Перизат Кубанычбекова, Самара Рыскелди кызы, Мээрим Алмазбек Кызы, Жылдыз Асанова, Эркинай Нарынбекова.