Токтоян айылындагы Таңгабийке-Бердике бала бакчасы кышкыга жылуулук менен толук камсыздандырылган. Бала бакчанын директору Таалайкул Токсобаеванын айтымында айыл өкмөтү тарабынан 18 тонна көмүр түшүрүлгөн. ”Көмур, электр энергиясы дагы жыл сайын айыл өкмөтү тарабынан каржыланып турат. Бугунку күндо бала бакча жылуу, балдар толук келип жакшы иш жүргүзүп жатабыз», дейт Таалайкүл айым
Кичинекей Айсулуу бала бакчага барууну жакшы көрөөрүн айтты. ”Бакча абдан жылуу. Ал жакта достор менен мектепке чейин даярданабыз”. Ошондой эле айыл тургуну Чынара Аттокуруванын 3 жаштагы кичинекей Эгемберди наристеси дагы аталган бала бакчага барат. “Мени айылдагы бала бакча бардык шарты менен канааттандырат. Жылуулук бакчада кышкысын дайыма сакталып турат”.
Таңгабийке-Бердике бала бакчасы азыркы күндө келе жаткан Жаңы жылга даярдык көрүп жатышкан учуру экен .
Даярдагандар: Эркинай Нарынбекова, Самара Рыскелди кызы, Мээрим Алмазбек кызы.