Нарын облусунун борборунда жайгашкан Куланак айылынын уулдары “Элим Жерим” коомдук фондун түзгөн. Фондун мүчөлөрү өткөн 2013-жыл үчүн өз ара жердештер алдында отчёт беришти.
Коомдун төрагасы Темирлан Чүкүшов белгилегендей, “Элим жерим” фонду Куланак айылынын А.Аралбаев орто мектебинде грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында кружок ачылып, бүгүнкү күндө бир нече окуучу спорттун бул түрүнүн катышуучусу болуп келген. Бейшенбеков Таалайбек, Кулмамбетов Канимет, Кубаталиев Улук, Кеңешбеков Жыргалбектер азыр бир нече медалдардын ээси. Алардын машыктыруучусу Мусалиев Назарбек дагы тренерлик милдетти аткарып, өз жемишин көрсөтүүдө. Спорт тармагына фонддон 10 000 сом бөлүнүп берилген.
Андан сырткары “Мыкты Айыл Өкмөтү” конкурсуна карата даярдык көрүүдө 23 000 сом акчалай сарпталып, жол боюндагы үйлөр үчүн 3 км штакетник даярдоого жумшалган.
2013-жылы жалпысынан алганда 33 000 сом фонддон жумшалган.
Куланак айылынын аксакалы 85 жаштагы Калыбек Абдышүкүров фонддун уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, батасын берди. Ал эми куланактык акын Айым Талгатбек кызы айылдын патриот уулдарынын ишине ийгилик каалап, жердештерине «Куланагым» деген ырын окуп берди.
Автор: Дания Талгатбекова