Жергиликтүү тартип коргоо кызматкерлери билдиргендей, иш чаранын максаты кылмыштуулунтун алдын алуу. Алар кошумчалагандай кечкисин 8:30дан баштап айыл көчөлөрөрүндө рейд өтмөкчү.
Эгерде мектеп окуучулары белгиленген убакыттан кийин көчөдө жүрүп кармалышса, ал окуучунун ата-энесин,класс жетекчисин жана мектеп директорун чакыртып, өзүнчө чара колдонулаары белгилүү болду.
Андан сырткары окуучулардын мектеп формасын, сабакка даярдыгын жана уюлдук телефон алып келбөөсүн эскертишти.
Автор: Эркинай Нарынбекова, Перизат Кубанычбек кызы