Нарын районуна караштуу Куланак айылында жазгы айдап-себүү иштери боюнча облустук семинар жыйынтыкталды. Аталган семинарга облус аймагындагы айылдардын башчылары тажрыйба алмашуу максатында келип катышты.
Семинарга катышкан өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов үрөөндөр менен таанышып, техникаларды көрдү. Ал ошондой эле Нарын толук айдап себүүгө даяр болуп калгандыгын айтып, баарына ийгилик каалап кетти.



Айыл тургуну Бейшенбек Жусуповдун айтымында, семинарда дыйкандарга керектүү маалыматтар берилген. Буга чейинки иш-чараларда техникалар тууралуу айтылган болсо, бул жолкусунда эгиндердин түрлөрү боюнча маалымат берилген.
«Эгин айдоо убагы келе жатат, эгинди кандай ыкмалар менен айдоо керек, кандай кылыш керек экендигин баарын айтып берди. Бул өткөн семинар биздин талаачылык жумуштарыбызга керектүү экен, ушул менен экинчи жолу болуп жатат», — деди Бейшенбек Жусупов.


Нарын Агро-био борборунун регионалдык филиалынын директору Нарынбек Карыбеков семинарга зыянкечтерге каршы дарыларды алып келген.
«Мына жаңы ачылып аткан кыргыз агро-био борбордун регионалдык филиалындагы чыгара турган өсүмдүктөрдүн илдеттерине жана зыянкечтерге каршы дарыларды алып келдик. Ошону жарнамалап алганга жакшы шарт түзүлүп атат. Буга чейин райондук деңгээлде башка жактарда болуп жүргөн, башка райондордо дагы мындан кийин график менен болуп турат», — деп айтып өттү Нарынбек Карыбеков.

Семинарда практикалык иштер да көргөзүлүп, айыл тургундарын жана конокторду кызыктырды.

Автор: Дилде Шатан кызы
Тренер: Ырысбай Адамалиев
Сынак үчүн