Куланак айылынын “Танга бийке-Бердике” бала бакчасына 130 дан ашуун бала барууда. Бүгүнкү күндө расмий тилибиз болгон орус тили сабагы жаш бөбөктөргө өтүлүүдө.
Бала бакчанын жетекчисинин орун басары Назира Кыдыралиевага кайрылганыбызда мындай деди. “Бала бакчадан эле балдардын тили жатыксын деп тайпадагы балдарга орус тили сабагы өтүлөт. Балдар орус тил сабагынан өздөрүнүн аттарын айтып, күнүгө бирден жаңы сөздөрдү үйрөнүшөт. Буюрса жакшы өздөштүрүүдө”.
Орус тил мугалими Азиза Айтиеванын айтымына караганда балдарды бала бакчада 5-6 жаштан баштап окутат. “Балдардын өздөштүрүүсү жакшы. Ар бир баланын деңгээлине жараша мамиле жасайбыз. Кээ бир бала орус тилин бат кабыл алат, кээ бири жай кабыл алат”, — дейт Азиза Айтиева.
Ушул бала бакчага барган балдардын ата- энелери, балдардын орус тилин үйрөнүп жаткандыгына абдан ыраазы. “Балдарыбыз орус тил сабагын жакшы көрүшөт. Күндөн-күнгө кызыгуусу артылууда,”- дейт кичинекей Рахаттын апасы Мээрим Жакыпова.
Жомоктун каарманы, кичинекей Акылай: “Бала-бакчада мага орус тил сабагы өзгөчө жагат. Анткени биз жомокторду орус тилинде коебуз”.
Өздөрү кичинекей болсо дагы, балдар орус тилин сүйүп окушууда. Себеби бул келечегине чоң жол ачылат.
Даярдагандар: Жазгул Кадыралиева, Айзат Тумонбаева, Чинара Аттокурова.