Куланак айылында Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде кылмыштуулукту алдын алуу жана мектеп рэкетин жоюу боюнча иш-чара болуп өттү.
Бул иш-чаранын алдын алуу боюнча Нарын районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Кожоканов мындай деди. ”Биз бул семинарды өткөргөнүбүздүн себеби, азыркы учурда мектептеги рэкет кеңири тарап кеткен ушул көйгөйду жоюу максатында уюштуруп жатабыз .Бул маселе жеке эле райондордо эмес республика боюнча каралып жатат. Биз укук коргоо органдары менен биргеликте иштеп жатабыз”,- деди Марат Кожоканов.
Ал эми ички иштер бөлүмүнүн орун басары милициянын майору Мирлан Сейитназаровдун айтуусунда азыркы учурда укук коргоо органдары кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүп жатат. Мисалы, анализде көрсөтүлгөндөй кылмыштуулук жылдан –жылга азаюуда. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл кылмыш аз катталды”,-деди Мирлан Сейитназаров.
Куланак орто мектебинин 11-классынын окуучусу Канат Чолоков бизге берген маегинде мындай деди. «Мен кичинекей кезимде мектеп рэкети күч алып турган эле, азыр жокко эсе. Мектеп рэкети бара-бара жоюлат. Муну тез жоюуга болбойт. Анткени бул иш жашыруун түрдө жасалат”, — деп айтты Канат Чолоков.
Мындай иш-чаралар дагы өтөөрү бышык. Көйгөй жараткан кылмыштуулук акырындык менен жоюлат деген ойдобуз.
Даярдаган: Айзат Асанова, Ырыскүл Акматбек кызы, Зулайка Мирлан кызы.