Куланак айылы, тоолуу, кокту- колоттуу өрөөн болуп эсептелинет, жайы салкын кышы суук келгендиктен, айыл тургундарынын көбү мал чарбасы жана дыйканчылык менен эмгектенишет. Ошондуктан айылдын кен байлыктарына көп көңүл бурулбай келет.
Аталган айылда гипс чыгаруу жайы болсо, дагы бор чыккан жерлери да бар. Ал жакта чыккан борлорду айылдагы Аралбаев орто мектебинин окуучулары дагы алып кетип жатышканын билдирди.
Аалы Мамбетовдун айтымында ал жашаган аймактын бардык жагында эле бор чыгышы мүмкүн деген божомол бар. Бирок аны дайыма эле каза бербестен сурагандар болгондо гана казарын айтты.
“Мен бул жерде бор чыгарын былтыр байкагам, бирок көп деле кызыккан эмесмин. Короодон көң сайып жатып көрдүм, көп өтпөй огородду тосуп жатканда стойка орнотойун деп ордун казып жатып дагы байкадым, анан борду казууга кириштим. Бул борду бул жактан каза берсем эле чыгып жатат. Боорду 4, 5 күн эң көп дегенде 1 жума кургатабыз,суу болуп калса жукпайт ошон үчүн, аны казып эле күнгө жайып койобуз. Аны күн сайын эле каза бербейм.”
“Бул борлор огороддо эле эмес короодо дагы чыгат бирок кышы бою мал киргендиктен билинбей калыптыр. Көңдү жыйнап жатып байкаганбыз бирок аки экен деп ойлогонбуз бирок бор экен ал жактар дагы.”
Бардык айтылып жаткан сөздөр канчалык денгээлде чындык экенин же чынында бор экенин билүү үчүн айылдагы орто мектептин химия сабагынын мугалими Мааметова Клара эжеге бардык.
“Бул бор экен, мындай бор айылда чыгаарын билген эмесмин биринчи жолу көрүп жатам. Бордун негизги составы кальцийдин карбонаты жана азыркы көрүп турган өчүрүлгөн акиташ болуп жатат. Бул акиташ көрүнүктүү эле тургандыктан табияттын таасири астында же жаан жаагандыктан реакция жүрүп аки өчүп бор болуп калган ошондуктан өчүрүлгөн акиташ болуп эсептелинет, ошол жерди канчалык терендетип каза турган болсок суу жетпеген жерлери чыныгы акиташ болушу мүмкүн, аны атайын изилдеш керек,бул чынында бор экен”-деди Клара Мааметова.
Бор демекчи Клара эже менен биргеликте бул бор же акиташ экенин аныктоо үчүн атайын суу менен тажрыйба жүргузүп көрдүк.
“Натыйжада өчкөн акиташ болуп сууда эч кандай кайнаган жок, тажрыйба жүргөн жок десек болот. Колдоно берсе болот деп кошумчалады”-химик Мааметова.
“Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей байкап көрсөк айылда бардык эле кен байлыктын түрү бар сыяктуу, бирок акыркы жылдары бардыгы ачыкка чыгып келүүдө, келерки жылдарда бардыгы изилденет деген ойдобуз.
Даярдагандар: Ырысбай Адамалиев, Абилназир Нурланов
«Мыкты макала» сынагы үчүн