Учурда кургак учук оорусу көп болуп жаткандыгына байланыштуу Нарын районуна караштуу Куланак айылында бул ооруга каршы жөө жүрүш болуп өттү. Жөө жүрүшкө айылдын окуучулары, мугалимдери, айыл өкмөттө иштеген кызматкерлер, лицейдин окуучулары, мугалимдери, Тангабийке-Бердике атындагы бала бакча кызматкерлери жана медицина кызматкерлери катышышты.
Жөө жүрүш боюнча Куланак айылынын №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы Гүлзамира Чүкүшова:
— Кургак учук оорусун алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүап жатат. Жыл сайын 18-март кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Андан сырткары жер-жерлерде дил баяндар, ар кандай диссертациялар өткөрүлүп, ошол менен катар, айыл ичинде жөө жүрүш өткөрүлдү.
Жүрүштүн максаты — кургак учук оорусу кандай жолдор менен жугаарын ар бир жаранга жеткирүү, ден соолугуна жакшы, кылдат мамиле жасап, өзүн жакшы алып жүрүшүнө өбөлгө түзүү.
«Кургак учук оорусу бул чүчкүргөндө, жөтөлгөндө аба аркылуу жугат, эгерде организми алсыз адамдар, карылар, жаш балдар же болбосо ооруп айыккандар организими алсыз болот дагы, ооруну тез кабыл алат. Бул кургак учуктун белгилери: адам арыктайт, башы ооруйт, эти ысып, эки жумадан ашык жөтөлөт, тердейт, кан аралаш какырык чыгышы мүмкүн», — деп токтолду Гүлзамира Чүкүшова.
Куланак айыл өкмөтүнүн кызматкери Элмира Абдрасулова кургак учукка каршы жөө жүрүшкө катышкан, мындай иш-чаралар дагы өткөрүлүп турса дейт.

«Мындай жөө жүрүшкө быйыл биринчи жолу чыктык, мындан кийин дагы мындай иш-чара болуп турат деген ишеничтемин», — дейт Абдрасулова.
Ушундай илдеттерден сак болуңуздар демекчибиз.
Автор: Дилде Шатан кызы
Тренер: Ырысбай Адамалиев
Сынак үчүн