Куланак айылында түшүм майрамы белгиленди. Ал айылдагы Абдылда Аралбаев мектебинде салтанаттуу түрдө ачылды. Түшүм майрамы Куланак айылында 30 жыл ичинде алгачкы жолу өткөрүлдү.
Иш-чараны Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Өмүрзаков ачып берди. Бул майрамга карата атайын иш-чаралар уюштурулган.
«30 жылдан бери алгачкы жолу өтүп жаткан түшүм майрамына эл аз катышты. Маалымат жетишсиз болуп калды окшойт. Негизи эртерээк өтсө жакшы болмок беле… » — дейт айыл тургуну Райхан Ускаева.

Жарманкенин катышуучусу Мавлюда Эргешова

Жарманкенин катышуучусу Райхан Ускаева

Айылдагы кол өнөрчүлөрдүн эмгектери
Бул учурда мектептин спорт залында айымдар арасында волейбол оюну өтүп жатты.

Айымдар арасындагы волейбол оюнунан көз ирмем
Ал эми сыртта жарманке кызуу жүрүп, айыл тургундары өз кол эмгегинен жаралган буюм, жер-жемиш жана тамак-аш азыктарын айыл тургундарына сатыкка чыгарышты.
Жарменке тууралуу угуп, иш-чарага атайын келген айыл тургуну Алмагүл Ибрева төмөндөгүлөргө токтолду.
«Бүгүнкү жарманке жакшы деңгээлде өттү деп ойлойбуз. Биздин айылыбыздын тургундарынын көпчүлүгү келбей калыптыр. Үйдө керектүү азыгыбыз бар эле болчу. Билбегендик кылдым. Эми келгенге аракет кылам…»

Түшүм майрамынын катышуучулары
Иш-чарада механизатор, фермер, дыйкан, чабандардын алдыңкылары аныкталып, наамдар менен сыйланды. Бул туурасында Учкун айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Анара Балтабаева билдирди.
«Түшүм майрамына айыл өкмөтү 50 миң сом караган. Комиссиянын жыйынтыгы менен 4 механизаторго ардак громата, ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктар берилди. Ошондой эле чакан жарманке уюштуруп жатканбыз. Түшүм майрамы буга чейин өткөрүлгөн эмес, биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Кемчиликтери бар. Ошондой болсо дагы баштап алдык. Элдин маанайы жакшы».

Ортодо Анара Балтабаева

«Мыкты механизатор» наамы Алмаз Асанбаевге ыйгарылды
Иш-чара улуттук оюндар, спорттук мелдештер менен коштолду. Улак тартыш оюну жаштар тарабынан демилгеленип, 1-орунга 5000 сом, 2-орунга 3000 сом жана командалык сыйлыктар тапшырылгандыгын Анара Балтабаева баса белгилеп өттү.
«Андан сырткары спорт мугалимибиз Назарбек Мусалиев күрөш оюнун уюштуруп жатат. Ага дагы 10 миң сом каралган. Эр эңиш дагы талаада өткөрүлөт. Анан жарманкенин активдүү катышуучуларына да сыйлыктар каралган».
Айзат Түмөнбаева