Азем Бакасова жакында кыргызстандык жаш апаларга арналган форумду экинчи ирет уюштурду. “SelfMama” аталышындагы форумдун негизги аудиториясы бул энеликти, карьераны жана өз алдынча өнүгүүнү каалаган жаш энелер.
— Саламатсызбы. “SelfMama” форумун уюштуруу идеясы эмнеден улам пайда болду?
— Бул форум Россияда негизделген. Мен 2020-жылы карантинде 1,5 жашар уулум менен онлайн иштеп отурдум. Баланы да карап, ишти дагы калтырбай так аткаруу татаал болду. Ошол учурда “SelfMama” форумуна Кыргызстанды кошууга Москвадагы уюштуруучулар умтулуп, мага чыгышкан. “SelfMama” деген сөз бул эки сөздүн кошулганы: self — инсан, mama — эне. Менин энелик сезимим абдан жогору. Бирок, биринчи кезекте мен Аземмин. Россиядагы форум мага жагып, мен аны Кыргызстанда өткөрүү үчүн даярдана баштадым.
— Форумга кимдер катышты?
— Бул форумдун негизи маңызы энелердин энелерге болгон колдоосу. Билим берүү конференциясы болуп эсептелинет. Форумдун негизги аудиториясы бул энеликти, карьераны жана өз алдынча өнүүгүнү каалаган жаш энелер. Бирок, менин оюм боюнча бул форум баарына пайдалуу. Т.а жаш кыздарга, бойдок жигиттерге, жаш жубайларга, ата-апа, таэне-таяталарга дагы…
— Бул форумду өткөрүү биздин коом үчүн канчалык зарыл?
— Мен өзүмдүн тажрыйбамдан ушундай сезимдер болду. Айланамдагы кыздар, энелер да көп чектөөчү ойлорго, сөздөргө туш болушат. Ошондуктан бул маселени көтөрүп, баарлашып, чечимдерди табыш керек. Биринчиден биз өзүбүздү колдоп, жакын айымдарга колдоо көрсөтүп күч алабыз. Биздин коомдун өзгөчөлүгү көп нерсе айланып-тегеренип “келин” темасына такалат. Спикерлердин арасында Мадина Самакбаева кайненеси менен форумда сөз сүйлөштү. Алар ар бир жөнөкөй үй-бүлөдө кайнене-келин диалогу, бири-бирин түшүнүү жана колдоонун маанисине токтолду.
— Иш-чараны уюштуруучусу катары айтсаңыз, кыргыз коомунда кыз-келиндер кандай ролду аркалашат?
— Мен бул иш-чараны эки себеп менен уюштурдум. Биринчиси — мен өзүм ушул маселеге туш болдум: кантип мен жакшы кыз, жубай, эне, келин, тууган, дос боло алам? Азыркы заманда амбиция көп болуп, бирок коомдо талап да жогору. Эл ичинде жакшы кыз, келин, эне болуу ар дайым оюмда жүрөт. Бирок, баарына жетишүү кыйын. Ошондуктан өз жол картамды түзүүгө аракет кылып жатам. Эң кызыктуусу жана пайдалуусу — ушундай ойду, сезимди өзүнөн өткөргөн башка ийгиликтүү энелердин тажрыйбасы. Экинчиден — мен туш болгон маселелер коомдо дагы бар. Алар менен биргеликте изденип, өнүүгүнү кааладым. Өзүмдүн тажрыйбамдан айтсам, жолдошум менен ачык сүйлөшүү бул мага кандай бир ачылыш болду. Көрсө, экөөбүз тең бирдей ата-эне экенбиз. Анын дагы балага терең сезими бар экен. Ал дагы бала менен ойноп, баланы карап убакытын бөлө алат экен.
— Үй-бүлө менен карьераны айкалаштырууда позитивдүү диалогду кантип түзүүгө болот?
— Менин максаттарыма жолдошумдан тышкары дагы көп адамдар колдоо көрсөттү. Турмушка чыгаарда атам болочок үй-бүлөмө кызым иштеши керек деген талап койду. Үй-бүлө куруп, башка шаарда жашап жүргөндө менин мурдагы жетекчим жакшы жумушка чакырып калды. Алыс болсом да менин сапаттарымды баалап, “турмушка чыкты, жакында декретке кетет” деп ойлобой, узак иштешүү үчүн ири компнияга чакырганына абдан ыраазымын. Бул сунуш боюнча кайненем менен кеңештим. Апам, “эл эмне дейт” дебей, жакшы жумуш болсо бара бер деп колдоп, жолдошум экөөбүздү башка шаарга узатты. Азыркы маалга чейин ишиме ийгилик каалап турат. Көрсө, кайненем өзү өмүр бою ““selfmama” философия менен жашап келиптир.
— Сиз кыргызстандык кыз-келиндерди кандай көргүңүз келет?
— Өзүнө ишенген, коркпой жаңы бийиктерди каалап, умтулуп, бакыттын түрүн сезип жакшы жашашса…Мен ишенем, биздин кыз-келиндер өзүн ойлосо, жакындарды, туугандарды да бактылуу кыла алышат. Анткени улууларды урматтоо, жакындарды ойлоо деген кептер биздин дилибизге сиңген. Мен ойлойм, чечкиндүү бактылуу айымдын жолдошу да, балдары да, бүт үй-бүлөөсү бактылуу болот.
— Бул иш-чара дагы уланабы?
— Бул эл аралык форум болуп калган. Ар бир жылы өтүп турат. Быйыл 14-жолу 9 мамлекеттин 20 шаарында онлайн жана офлайн болду. Кыргызстанда өткөн жылы онлайн, бул жылы офлайн уюштурулду. Форумдан тышкары дагы иш-чаралар болсун деп биз социалдык медиада “мыкты апа” деген баракчаны ачып энелер үчүн пайдаалуу маалымат аянтчасын түздүк. Мыкты апанын мааниси бул мактануу эмес. “Ар бир эне өз баласына мыкты” деген ойду билдирет. Эгерде эне өзүн “мыкты апамын” деп санаса, өнүгүү боюнча да ойлору башталат. Ошондуктан, айымдар өздөрү биринчи өзүнө колдоо бериш керек. Форумдан кийин бир нече жакшы сын-пикирлер айтылды. Ыраазычылык каттар, каалоо-тилектер, суроо-талаптар түштү. Ошондуктан, учурда кийинки иш-чаралар пландалып жатат.
Касиет Кубанычбек кызы