2021-жылдын жазында Кыргызстанда 63 миңге жакын бүтүрүүчү мектепти аяктады. Алардын ар бир үчүнчүсү өлкөнүн жогорку жана кесиптик окуу жайларына тапшырган. Биз, Кыргызстандын булуң-бурчундагы абитуриенттер кандай кесипти тандаарын изилдеп, кызыктуу жыйынтыктарга келдик.
Алгач, алдыдагы инфографикага карасак.
Бул Бишкектин бүтүрүүчүлөрү эң көп тандаган адистиктердин рейтинги:
Ал эми бул аймактардагы (айылдар жана тоолуу аймактар) бүтүрүүчүлөр тандаган кесиптердин рейтинги:
Көрүнүп тургандай, аймактардагы абитуриенттер Бишкектеги мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө караганда башка адистиктерди тандашат. Алар алдыңкы жылдары билим алуу үчүн билим берүү багытын тандашат.
Эмне үчүн мындай болот? Келгиле, аны аныктап көрөлү.
4-курстун студенти Айдай Мелисова котормочулук факультетине тапшырууну каалаганын, бирок бюджеттик орундар жалаң педагогикада болгондуктан, аны тандап алганын айтат.
Билим берүү тармагындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров мамлекет тарабынан каржыланган бюджеттик орундардын басымдуу бөлүгү педагогикалык адистиктерге туура келгенин ырастайт.
“Бюджеттик” адистиктер графикада даана көрүнүп турат.
Ажар (аты өзгөртүлдү) быйыл мектепти аяктап, университетке бюджеттик орунга тапшырууну каалаган. Алгач Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика факультетине тапшырып, бирок балл жетпей калган. Андан соң, башка мамлекеттик университеттин бюджеттик бөлүмүнө, бирок педагогикалык факультетине тапшырган. Бул жерде анын баллы жетиштүү болуп, мугалимдик кесипти үйрөнө баштады.
Ажардын окуясы абдан көрүнүктүү. Мисалы, “Журналистика жана телекоммуникация” багыты боюнча орточо балл 137, “Билим берүү” багыты боюнча 133 балл. Айырма аз, бирок окуу жайга өтүү үчүн ар бир пункт чечүүчү болуп саналат.
13-октябрдагы парламент жыйынында Акылбек Жапаров мугалимдердин айлыгын көтөрүү зарылдыгын айтып, жакында кыздар мугалимдерге турмушка чыгууну кыялданаарын белгиледи. Бирок, министрлер кабинетинин башчысы билим берүү тармагындагы студенттердин басымдуу бөлүгүн кыздар түзөрүн билбесе керек.
Кеңешбек Сайназаров кыздардын эмне үчүн мугалимдик кесипке барарын мындайча түшүндүрөт: “Тилекке каршы, бул биздин коомдо калыптанып калган стереотиптерге байланыштуу. Коомдо мугалим кызга жумуш менен үй жумуштарын айкалыштыруу ыңгайлуураак, андан тышкары педагогикалык билим анын баласын жакшы тарбиялоого жардам берет деген пикирлер бар».
Билим берүү – жаш муундарды тарбиялоо үчүн маанилүү кесип. Бирок анализдин жүрүшүндө Кыргызстандын аймактарындагы абитуриенттердин басымдуу бөлүгү, өзгөчө кыздар мугалим болууну кыялындагы кесип катары тандабайт. Көптөр үчүн бул жогорку билим алуу үчүн жалгыз мүмкүнчүлүк.
Авторлор: Зыйнат Самар кызы, Касиет Кубанычбек кызы
Дата-редактор: Айзада Тома
Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган “Кыргызстандагы Интерньюс” “Медиа-К” долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын ментору — Андрей Дорожный. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз түрдө Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.