“Кызыл Ай” коомунун окуулары улантылууда. Бул жолкусунда Куланак айылындагы ар кандай кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айыл тургундары жана мектеп окуучулары катышышты.
Окуунун жүрүшү боюнча Куланак айылынын өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Эмил Солтоналиев буларга токтолду.
«Биздин айыл өзгөчө сел каптоо коркунучу бар айылга киребиз, ошого каршы кандай иш чараларды колдонобуз ошонун негизинде куткаруучу топ түзүлгөн. 2014-жылы ДИПЕКО VIII программасынын негизинде азыр команда иштеп жатабыз, мектепте дагы атайын команда түзүлүп, ар кандай машыгууларга катышып, жакшы көрсөткүчтөргө жетишип келишти. Бул биздин айыл 1991-жылы союз тарагандан кийин каралбай калган, кийин мамлекетибиз акырындап өнүгүп анан ушул өзгөчө кырдаалдардын жардамы менен бүгүнкү күндө беш объект тазаланып иштеп жатат» — деп билдирди Эмил Солтоналиев.
Нарын шаарындагы улуттук ”Кызыл Ай” коомунун ыктыярчысы Наргиза Токтомбаева өтө коркунучтуу жерлер көбүнчө айыл жергесинде болгондуктан мындай окутуулар жүрүп жатканын билдирди.
«Бизде тогуз айыл бар. Элдер кантип алдын алабыз деп таң калышат, бирок ошону биз кеңири таратуу толук маалымат берүү, андан сырткары окууларды өтүп турабыз алгачкы жардам эмне экенин түшүндүрөбүз», — деди Токтомбаева.
Улуттук ”Кызыл Ай” коомунун кан тапшыруу борборунда иштеген Нурзат Исламбаева мындай иш-чаралар Нарын районундагы дээрлик бардык айылдарда өткөрүлөөрүн кошумчалады.
«Жалпы калкка маалымат жүргүзүү максатында окууларды өткөрүп жатабыз. Анткени элге маалымат жеткирүү, кан берүү элге зыян эмес деген максатта келдик», — деди ал.
Эскерте кетсек, буга чейин дагы мындай окуулар өтүп келген эле жана айрым машыгууларын да баяндап берген элек. Бул окуулардан айыл тургундары жана окуучулар жакшы нерселерди үйрөнө алышты го деген ойдобуз.
Автор: Дилде Шатан кызы
Тренер: Ырысбай Адамалиев кызы
Сынак үчүн