Гульнура Солтобаева «Агро-горизонт» уюмунун колдоосу менен күнөскана иштетип келет. Ал жакта бадыраң жана башка жашыл өсүмдүктөрдү өстүрүүгө болот.
«Бул күнөскананын жалпы аянты 120 чарчы метр. Негизинен, бул күнөсканага бир эле жашыл чөп өстүрүүгө болот, ошондуктан биз бадыраңды тандап алганбыз. Азыркы учурда бадыраңдын гүлдөп жаткан маалы.
Бадыраңды март айында айдаганбыз. Буюрса май айынын 15-20 ларында түшүмүн алабыз деп турган чагыбыз».
Эмне үчүн ушул бадыраңды тандап алдыңыз?- деп суроо бергенибизде төмөндөгүдөй жооп берди:
» Биз бадыраңды тандап алганыбыздын себеби, ал эрте бышат жана тоюмдуу келет. Бирок, бадыраңдар ооруга туруксуз келет. Ошол себептен бадыраңды аярлап , кастарлап карайбыз.
Бөлмөнүн температурасы +20,+23° тан ашпашы зарыл. Эгер ашып кетсе бадыраңдар тердеп кетиши мүмкүн. Бадыраңдарды тамчылатуу жолу менен күнүгө бир жолу сугарып турабыз»,-дейт Гульнура Солтобаева.
Биз ишкер айымдын күнөсканасы менен таанышып жатканда» Агро-горизонт «уюмунун өкүлдөрү келишти. Алардын ичинен биз бул уюмдун кызматкер айымды кепке тарттык:
Биздин уюм негизинен жалаң гана күнөсканаларды гана эмес эт, сүт багытында да иш алып барат. Биздин максат кош бойлуу айымдардын жана кенже курактагы балдардын туура тамактануусуна шарт түзүп берүү болуп саналгандыктан биз ушул күнөсканаларды курганбыз»,- дейт Айсулуу айым өз сөзүндө.
Кошумчалай кетүүчү нерсе, бул күнөскананын курулуш материалдарын «Агро- горизонт» уюму жиберген, ал эми кара күч толугу менен күнөскананын ээлерине таандык.
Уруктарды болсо ишкер айым өз чөнтөгүнөн сатып аларын айтты, жана бул долбоор бүткөндөн кийин деле ушул күнөскана менен алек болоорун баса белгилеп өттү. шондой эле, өскөн жемиштеринин көп бөлүгүн эле айыл тургундары сатып алаары белгилүү болду.
Мындан тышкары, каарманыбыз Гүлнүр эже мектепте дагы сүйүктүү мугалим болуп эмгектенет. Эртен менен түшкө чейин мектепте болот жана түштөн кийин үй жумуштарын жасап жыйынтыктаган соң, ушул күнөсканасы менен алек болот экен.
Бул күнөсканада бардык шарт болгондуктан дарбызды дагы өстүрүп жатканына күбө болдук.
Аталган уюм ЮНИСЕФ тарабынан каржыланган жана дайым көзөмөлүндө болуп турат.
Даярдагандар: Гулшат Бейшекова, Ырысбай Адамалиев
Сынак учун