Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы № 4051 шайлоо участогунда шайлоо кызуу өтүп жатат. Ал эми шайлоочулар коюлган талаптарды аткаруу менен өз добуштарын берип жатышат.

Шайлоо участогу А.Аралбаев атындагы орто мектебинин спорт залында жайгашкан. Шайлоо үчүн спорт залдын арткы эшиги менен кирип, добуш берген соң, алдыңкы эшиги менен чыгуу үчун бардык шарттар түзүлгөн.






Милициянын старшинасы Нурсултан Кенжебаевич №4051 шайлоо участогунда абалды көзөмөлдөө үчүн Куланак айылында күзөттө.

Бул жакта эч кандай саясий кырдаал жаралган жок. Мыйзам бузуулар да катталган жок. Баардыгы мыйзам чегинде өтүп жатат. Абал тынч.
Ал эми келген жарандардын дене табын текшерүүдөн өткөрүп жаткан мед айым Гүлзамира Чүкүшова буларга токтолду:

Шайлоо участокко келген шайлоочулардын температуралары өлчөнүп, маска жана перчаткилер таратылууда. Ушул мезгилге чейин дене табы көтөрүлүп келген шайлоочулар катталган жок. Элдин саламаттыгы жакшы. Эч кандай коркунуч жаралган жок.
№4051 шайлоо участогунун катчысы Ибраева Жүзүмкан:

Участокто 1447 шайлоочу. 12 бюллетень жеңил ящик менен шайлады. Түшкү саат 12 ге 249 шайлоочу келди. Эч кандай тартип бузуулар болгон жок. Эрежелер сакталып жатат.
Шайлоого катышып чыккан айыл тургуну Нарынкүл Азыкбаева буларга токтолду:
”Негизи мен активистмин. Шайлоого дайыма келип добушумду берем. Элдерге да добуштарын келип берүүсүнө үгүттөйт элем. Бул жерде аралыктып сактап кирүү үчүн гана убакытты алдырып ийип жатышат. Ошол нерсе гана кармаса, калганы жакшы”.
Айзат Түмөнбаева
