Куланак орто мектебинде окуучулар китеп менен толук камсыздандырылган эмес. Мектептин жетекчилиги муну каражаттын жетишсиздиги менен түшүндүрдү.
Китепканачы Асылкүл Абдраимова жаңы окуу жылга китептердин келгенине карабастан, мектеп 75% гана камсыздандырылгандыгын айтты.
«Жогоку класстарга жетишпеген […] китептери келди. Өзгөчө башталгыч үчүнчү класстарга […] таптакыр жок, […] китептер жок.
Кыргыз тили мугалими Анара Нусупова
окуучулардын китеби жетишпегендиктен тапшырманы толук аткарбай келээрин кошумчалады.
«Мен жогорку класска сабак бергендиктен, 8-класс адабияты жокко эсе, 9-класс кыргыз тил китеби жетишпейт».
Окуучулардын айтымында алар китептерди аймакташып алып окушат. Бирок бул дагы жетишээрлик эмес.
«Ыңгайсыздык кээде жаралат.Мисалы, биз үйүнө барганда, чыкпай коюшат. Анан биз ыр жаттабай барабыз. […] Айтабыз,бирок шартыбызды түшүнбөйт».
Мектепдин директору Чынара Абдыкадырова жаңы китептерди алыш үчүн каражат жетишсиздигин айтып өттү.
«Мүмкүн мурдагыдай эле аренданы кайра алып келсе, арендадан түшкөн акчага китеп сатып алганга мүмкүнчүлүк болмок», — деген сунушун киргизди.
Авторлор: Өмүрбек Дайырбеков, Мээрим Алмазбек кызы, Айзат Түмөнбаева