Куланак айылынын орто мектебинде техниканын жетишсиздигинен окуучулар практикалык сабактарды өтө албай жатышат. Мугалимдердин айтымында, теманы түшүндүрүүдө алар сүрөт тартууга аргасыз.
Физика мугалими Кызылкүл Жолбунованын айтымында,прибор-техника жетишпегендиктен доскага сүрөт тартып түшүндүрүшөт.
«Бирок миң уккандан бир көргөн дегендей балдар өздөрү көрүп иштесе жакшы болмок».
Техниканын жетишсиздиги жөнүндө кепке информатика мугалими Элмира Асаналиева да кошулду.
«Компьютерлер жок болгодуктан балдар көптөгөн маалыматтарды ала албай калышат».
Мектептин директору Чынара Абдыкадырова билим берүү башкармалыгынан техника аз гана өлчөмдө келээрин айтып, мектептер өз күчү менен техника алууга аракеттенишээрин кошумчалады.
«Техника жетишсиз көпчүлүк түрдө ар бир мектеп өзү аракет кылып,ар кандай жолдор менен спонсорлорду издеп,проект жазып аракет кылабыз».
8-класстын окуучусу техниканын жоктугунан практикалык сабактарды өтүүдө кыйналышаарын белгилеп өтүү.
«Биз, ошо, жок деп отура бербестен мугалимдин жардамы менен сүрөт тартып, ар кандай жазуу иштерин жүргүзөбүз».
Авторлор: Бекболот Рахатбек уулу, Эркинай Нарынбекова, Зулайка Мирлан кызы.