
Айылда бала бакча, мектеп, оорукана жана айыл өкмөтүнүн кышкыга болгон даярдыктарына собол.

Таңгабийке-Бердике бала бакчасынын жетекчиси Таалайкүл Токсобаева айыл өкмөтү төрт тонна көмүр түшүрүп бергенин айтты.
«Бизге “Ага Хан” фонду тарабынан жылуулук системасы коюлган. Мындан төрт жыл мурун чек (лимит) ала албаганыбызга байланыштуу 18 тонна көмүр менен гана кыштан чыкчубуз. Быйылкы жыл былтыркыдан өзгөчөлөнүп электр энергиясына комбинациялык меш кошулду. Ошондой эле айыл өкмөтү тарабынан төрт тонна көмүр түшүрүлүп берилди», — деди ал.
Ал эми Жеңишкүл Султанова атындагы ооруканасынын Куланак бөлүмүнүн башчысы Майрам Токтобекова эскирген түтүктөрдү жаңыртып, кышкыга эрте эле даярдык көргөнүн айтат.
“Бизге Нарын облустук оорукананын бюджетинен он тонна көмүр бөлүнүп берилген. Кышкы жылуулук системасын капиталдык ремонттон 2013-2014-жылдары өткөрүп бүткөнбүз. Жаңы от жага турган меш салдык. Мурун комбинациялык электр энергиясы жана от менен дагы жагып чыккан элек. Быйыл болсо от менен эле чыгабыз деген ойдо болуп турабыз”, — деп сөзүн аяктады ал.

Ошондой эле Айыл өмөтүнүн кызматкери Таалайкүл Абсаматова кышкыга даярдыктар тууралуу мындай дейт.
“Бизге 17 тонна көмүр келип түшкөн. Учурда от жагылып мекеменин ичи жылуу. Бала бакчага көмур убагында түшүрүлгөн», — деп токтолду Абсаматова.
Мектептин кышкы даярдыгы тууралуу маалымат ала алган жокпуз.
Куланак айылындагы мекемелер келе жаткан кышка толук дайын.
Авторлор: Айзат Түмөнбаева, Cамара Рыскелди кызы, Нурила Таалайбек кызы.
Сынак үчүн