
Нарын районунун Куланак айылында 22-октябрда мектеп бүтүрүүчулөрүнө кесипти туура тандоо боюнча мастер класс өтүлдү. Бул тренингди Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын ассоцаициясы уюштуруп берген. Ал эми финансылык колдоо «Немец толкуну» академиясы тарабынан каржыланган.
Тренер, кесиптик билим берүүнүн адиси Бегайым Орозакунованын айтымында, бул иш-чаранын максаты азыркы убакта эмгек рыногу кайсы кесиптер менен толуп, кайсы кесиптер өтө керек деген суроонун үстүндө талкуу жүргүзүү.![20151022_103704[1]](http://kulanak.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/2/2015/10/20151022_1037041.jpg)
“Азыркы убакта жаштар убагында эмгек рыногу жөнүндө маалыматты толук алган эмес. Ошондуктан чет жерде мигранттар өтө көп. Биздин агенттиктин максаты, бүтүрүүчүлөргө убагында туура маалымат берүү болуп эсептелет», — деп билдирди ал.

Ал эми бул тренингге катышкан бүтүрүүчү класстын окуучусу Уултай Жоламанова өзүнө керектүү маалымат алганын айтат.
«Мен бул тренингден өзүмө эң керектүү кеңеш ала алдым. Мен мурда эмгек рыногуна толгон кесипти тандап алып азыр ойюумду өзгөрттүм. Келечекте жакшы бир кесипти тандап, чет жакка чыгып кара жумушта иштегим келбейт», — деди мектеп окуучусу Уултай күлүп.
Куланак айылында 9-класста окуп жаткан Актан Нарынбеков тренингдин соңунда кесиптик лицейде эле окуусун улантууну чечкен.
“Мен жогорку окуу жайлардын бирине тапшырам деп жүргөм. Бирок бул тренингден кийин кесиптик лицейге барам деп алдыма максат койдум. Дагы ушундай пайдалуу маалыматтарды берип турса жакшы экен», — дейт ал.
Автор: Эркинай Нарынбекова, Самара Рыскелди кызы
Сынак үчүн