![20151029_075632[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2015/11/20151029_0756321-300x169.jpg)
Барскоон айылында уйлар арасында жүрүп жаткан шарп оорусуна жана бруцеллез оорусуна каршы кан алынып эмдөө жүрүп жаткан убагы. Уйлардан алынган кандар райондук жана областык лабораторияга жеткирилип, жыйынтыгы кайра айыл тургундарына угузулуп турат.
![20151027_080158(0)[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2015/11/20151027_08015801-300x169.jpg)
![20151029_080024[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2015/11/20151029_0800241-300x169.jpg)
Барскоон айылында өз эмгегин мыкты билген мал доктур Максат Усупбаева эжекебиз 2006 жылдан бээри эмгектенип келет. Ал эки жогорку билимдин ээси. Максат эжебиз аял болсо да өз ишин мыкты билген адистердин катарын толуктап, райондун бир канча ардак грамоталары жана сыйлыктарынын ээси болуп келет. Максат эже Барскоон айылын эки участкага бөлүп, бруцеллез оорусуна кан алып, шарп оорусуна ваксина куюу иштери менен алек болуп жаткан убактысы..
Малдардын көп жугуштуу оорулардан оолак болоорун жана пайдасы чоӊ экендигин кабарчыбызга Максат Усупова төмөндөгүдөй баяндап берди:
![20151029_075917[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2015/11/20151029_0759171-300x169.jpg)
![20151029_131835[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2015/11/20151029_1318351-300x225.jpg)
“ Мен тогуз жылдан бери мал доктур болуп эмгектенип келем. Өз ишимди жакшы көрөм. Кичинемден эле малды дарылаганды жакшы көрчүмүн. Эки жогорку билимим бар. Мурдакы жылдарга караганда азыр элдер менен иштеш женилирек болуп калды. Малдардан ар кандай илен оорулары чыгып мал ээлери дарылатканга шашышат. Мурда ар ким өздөрү эле дарылап кээ бирлери малдарын өлтүрүп да алышчуу. Биз уйлардан жылына эки жолу (жаз, күз) бруцеллезго кан алып, шарп оорусуна каршы дарысын куябыз. Бизге шарп оорусуна каршы куюулуп жаткан ваксиналар райондук вет.департамент тарабынан каржыланып алынып келүүдө. Мындан тышкары койлордон, жылкылардан да ар кандай жугуштуу оорулар чыгууда. Булардын баарын дарылайм. Айылда менден башка дагы үч мал доктур эмгектенет. Айыл тургундары бизди күн болобу жэ түн болобу чакырган маалда барып малдарын даарылап беребиз” – деп билдирди.
Максат эжегнин айылга кылган эмгеги абдан зор. Тан эртеден кечке чейин үйлөрдү кыдырып жеке эле малга эмес тоокторго да укол куйуп, иттердин даарыларын берип күндү кечкиртет.
Максат эженин кылган иштерине айыл тургуну Женишбек Абдылдаев төмөндөгүдөй токтоло кетти:
![20151029_134952[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2015/11/20151029_1349521-300x225.jpg)
![20151029_080311[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2015/11/20151029_0803111-300x169.jpg)
“ Мен уйларыма жылына эки ирет дары кудуруп, кан алдырам. Уйдун сүтүн баарыбыз ичебиз. Уйларым ооруганын каалабайм. Максат эже өз ишин так аткарат. Үйлөргө келип торпоктордо да укол сайып, иттерге даары берип турат. Кайсы убакта чакырсак келет. Эженин ишине ийгилик каалайм. Ден соолугу болсун”- деп сөзүн аяктады.
Малдын оорусу көбөйүп аны менен кошо жугуштуу дарттардын кесепетинен малдын саны да жылдан жылга азайып келет.
Даярдагандар: Асел Асанова, Эрлан Абласов