Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев мектебинде 100 жылдык маараке 12 — сентябрь күнү старт алды.
Иш- чаранын катышуучулары Нарын шаарнынан келе жаткан да эле «Куланак» насостук станциясы менен таанышып келишти.
Андан соң мектепке келишти.
Ачык асман астында пионерлер ант беришти.
Мектеп аркасына курулуп ишке берилген чакан футболдук аянтчанын ачылыш аземи болуп өттү.
Окуучулар арасында мелдеш оюн өткөрүлдү. Келген коноктор мектеп ичине бет алышып, окуучулардын кол эмгегине таандык болгон курулуш макеттерине саякат кылышты.
А.Аралбаев мектебинин макети.
10 сарай чөлкөмүндөгү 10 сарайдын макети
Куланак насостук станциянын макети.
Жасалган макеттин бардыгына Усубалиевдин кошкон салымы менен 11- класстын окуучулары тааныштырып жатышты. Катышуучулар менен биргеликте топторго бөлүнүп, сабак оюн көрсөтүлдү.
Мектептин музыка мугалими Жумагүл Өмүрованын күчү менен даярдалган линейкада Турдакун Усубалиевдин басып өткөн жолу менен тааныштырышты жана Куланак айылы үчүн эмгеги зор экени баса белгиленди.
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева