Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде ата-энелер жана мугалимдер жамаатынын жардамы менен жаны типтүү ашкана ишке киргизилет. Азыркы учурда ремонт иштери жүргүзүлүүдө.
Жаңы ашканага канча суммадагы акча каражаты кеткендиги тууралуу, мектеп жетекчиси Чынара Абдыкадырова төмөнкүлөрдү билдирип кетти.
«Бул ашканага жалпысынан 130 миң сом кетти. Бирок алдыда дагы жасалуучу иштер бар. Аны ата-энелердин жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен бүтүрөбүз деген ойдобуз. Бул ишти декабрь айынын аягына чейин бүтүрүшүбүз керек», — дейт мектеп жетекчиси.
2015-жылдын январь айында мектепке жаңы жабдуулар келет. «Тамак ашты оптималдаштыруу» — аттуу ВППнын программасына бул окуу жай киргизилген. «Өзүңөр ремонтту бүтүрөсүнөр, анан жабдууларды беребиз, дешкен ВПП Программасынын жетекчилери. Ошого байланыштуу ремонт иштерин жүргүзүп жатабыз», -деп сөзүн аяктады Чынара Абдыкадырова.
8 жылдан бери ашпозчу болуп эмгектенип келген Жыргал Жумабаеванын айтымына караганда эгер жаңы типтүү ашкана ачылса, балдарга берилүүчү тамактын тизмеси өзгөртүлөт. Азыркы учурда балдарга компот жана жумасына 2 жолу сүттүү ботко берилет. Ашкана ишке киргизилгенде тизмеге ысык тамак кошулат,» — деп сөзүн кошумчалады Жыргал айым.
Эски ашкананын бөлмөсү тар болгондуктан, башталгыч класстын окуучулары гана тамактана алышкан. Эми кенен жаңы типтүү ашкана ишке киргизилген соң, чоң класстын окуучулары да тамактанып алса болоору белгилүү.
Даярдагандар: Перизат Кубанычбекова,Самара Рыскелди кызы, Мээрим Алмазбек кызы, Жылдыз Асанова, Эркинай Нарынбекова