Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында калкты 14-ноябрдан тартып биометрикалык каттоо жүрүп жатат, азыркы учурда 668 киши каттоодон өттү. Бакай-Ата районунда эки жерде жайгашкан мамлекеттик каттоодо, жана паспорттук столдун имаратында жайгашкан ал жерде баардык шарттары түзүлгөн дейт Бөкөтаев Улан.
Биометрикалык маалымат деген эмне?
Биометрикалык маалыматтар-адамдын өздүгүн так дал келтирүүгө мүмкүндүк берген, өлчөнүү, адамдын кайталангыс физиологиялык маалыматтары.
Адамдын кайталангыс физиологиялык белгилери — бул манжалардын тактары, санариптик сүрөтү, электрондук колтамгасы, буларды адамдын инсандыгын аныктоодо жасалма жол менен жасоого мүмкүн эмес.
Биометрикалык паспортту алуу милдеттүүбү?
Биометрикалык паспортту алуу милдеттүү эмес. Биометрикалык паспортту сиз биометрикалык параметрлер талап кылынган өлкөлөргө кетип жаткан учурда алсаңыз болот.
Биометрикалык маалыматтары бар паспорттор ыктыярдуу негизде берилет. Биометрикалык паспортту Кыргызстандын жарандары гана ала алышат. Эгерде Кыргызстандык башка өлкөнүн жараны болуп катталса жана ошол өлкөнүн тийиш паспорту алса, ал биометрикалык паспортту ала албайт.
Биометрикалык паспорт 2016-жылдан тартып каалосу боюнча же колдонууга паспорттун колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин берилет.
Мурда берилген паспортторду алардын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин колдонсо болот. Мындай паспорт менен визаны алып, чек арадан өтсө болот. Жаңы же эски түстөгү паспортту тариздөө-арыз ээсинин өз укугу.
Жакынкы убакта эски паспорт берүү токтотулат, паспорттор алмашылат кээ бир мамлекеттер эски үлгүдөгү паспоттордун ээлерин өз аймагына киргизбейт деген маалыматтар анык эмес болуп саналат.
Даярдаган: Д. Мамбеталиев