Сүлүктү шаарынын Кошбулак поселкалык башкармалыгынын тургуну, жеке ишкер Бердиева Саткын эже жалпы коомчулукка үлгү боло турган сооптуу иш жасады.
2014- жылдын декабрь айында борбор калаа Бишкектин республикалык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүндө 16- жаштагы шал болуп жатып калган Кошбулактын тургунуна операция жасалып аз убакыттын ичинде басып кетти.
Айта кетүүчү нерсе атын атоону каалабаган бала, 3 жыл мурда Портер үлгүсүндөгү автоунаадан түшүп кетип шал болуп калган. Ата-энеси каражат жоктугунан улам баласын ооруканага көрсөтүшкөн эмес. Операцияга кеткен чыгым 200 миң сомду толугу менен Саткын эже өзү төлөгөн. Саткын Бердиева оорулуу балага эч кандай тууганчылыгы жок. Оорулуу бала жөнүндө ноябрь айында угуп, дароо ооруканага алып барган.
Даярдаган: Тухтаров Анвар