Тренингди өтүп жаткан «Клооп Медиа» коомдук фондусунун кызматкери Элмурат Аширалиевдин айтымына караганда, бул окуунун максаты мобилдик колдонмолорду издеп табуу жана аларда иштөөнү үйрөнүү. Бул семинарда жыйырма ыктыярчы катышты. Алар Ысык-Көл, Талас, Нарын жана Чүй облустарынан келишкен.
Тренингге катышуу үчүн Талас облусунун Бакай-Ата айылынан келген Алижан төмөнкүлөргө токтолду. «Бул семинар мага абдан жакты, себеби биз бул чогулуштан көптөгөн нерселерди үйрөндүк. Ушул жаш балдарга көп нерсени үйрөткөнүнө рахмат»,-дейт Куттубеков Алижан.
Тренинг учурунда катышуучулар видеону кесүү, үн жаздыруу, сүрөттөрдүү кесүү, текст жазуу боюнча мобилдик колдонмолорду колдонууну үйрөнө алышты.
Даярдагандар: Алижан Куттубеков, Бакай Сапаралиев.