13-14-декабрда Бишкекте болуп өткөн тренингге Кыргызстандын ар башка аймактарынан келген 20 ыктыярчы катышты. Бул тренинг эки күнгө созулуп журналисттерге дагы көптөгөн жакшы маалыматтарды бере алышты.
Бул тренингге 11 жамаатык мультимедианын өкүлдөрү келип жаңы маалыматтарды топтошуп, өзүлөрүнүн суроолоруна жооп ала алышты.
Бул тренинг Фридрих Эберт фонду (FRIEDRICH EBERT), Дойче Велле (DW Akademie), Жамааттык ЖМКтарынын бирлиги (АОСМИ) уюмдарынын колдоосунда болүп өттү.
Катышкан ыктыярчылар бул тренинг толук кандуу таасир бергендигин жана кызыктуу болгонун жашырышкан жок.
«Окуунун максаты жамааттык медиалар үчүн мобилдик колдонмолорду колдонуп, аларды издеп планшет, смартфондорго орнотуу. Жамааттык мультимедиа борборлорунун өкүлдөрүнө тиркемелер менен иштөөнү, аларды орнотууну үйрөтүп жатабыз»,- деди «Клооп медиа» коомдук фондусунун кызматкери Ашыралиев Элмурат.
Менин тренингге келген максатым, билбеген нерселеримди жакшылап үйрөнүү, 7 мобилдик колдонмону иштеткенди үйрөнүү. Биз wordpress, picsart, голос айыла, vivavideo, souncloud, Smart Voice Recorder, MultiLing мобилдик колдонмолорду окуп билдик, деген ою менен бөлүшө кетти Кара-Суу мультимедиа борборунун кабарчысы Перизат Туратбекова.
«Мага бул тренинг таасирин жакшы тийгизүүдө, көптөгөн колдонмолорду телефон, планшеттерди көчүрүүнү сайтка жаңылык чыгарып жаткандагы тоскоолдуктарды жеңүүнү жакшы үйрөндүм»-деди Перизат
практикалык семинарда баардыгы абдан кызыктуу болуп жатат деген ою менен бөлүшө кеттин билдирди, Асанакунова Гүлзат.
«Ал техникалар колдонуп жүргөн эле буюмдар экен, баардыгы түшүнүктүү жана жеткиликтүү болуп жатат»-деди Гүлзат айым
даярдагандар: Адина Осмонова, Рита Кеңешова.