Нарын районуна караштуу Куланак айылында оруп-жыюу мезгили аяктап калган учур. Ошол эле учурда былтыркы күз мезгилине салыштырмалуу баалардын бир топ эле жогорулаганын байкоого болот.
Пандемия башталганы эгин эккендер көбөйдү
Куланак айылынын кампачысы Камчыбек Андашов айыл элинин эгинди жылдагыга карганда көп эккенин баса белгилеп өттү.
«Учурда баары эле кымбаттап жатат. Мурун ун 750 сомдон 1000 сомго чейин болуп турган кезде айыл эли буудай айдагысы келбей калган. Себеби ун арзанга турчу. Жаздан баштап жерди сугарып, айдап, үрөн себип жана комбайнга, күйүүчү майга кеткен чыгымды эсептеп чыгышып, тескерисинче унду сатып алуу пайдалуу болот дешчү. Пандемия болгондон кийин эгин айдагандар көбөйдү. Анын себептери да көп. Биринчиден, карантин деп бардыгы жабылып калганда эл коркуп калды. Экинчиден, май кымбат болгону менен комбайн үчүн төлөөчү акы 200 сомго гана көтөрүлдү. Үчүнчүдөн мал, тоок чарбачылыгы үчүн жем да чыгат. Бул мезгилде буудайдын баасы 1кг на 25 сом, арпа 20 сом».
Тоют чөптөрү кымбаттоодо
Айыл эли үчүн 2021 — жылдагыдай тоюттун кымбат бааланганы кездешкен эмес. Учкун айылында жалпысынан 2028 гектар жерге көп жылдык чөптөр айдалган. Чөптү жыйноо 2 чабыктан турат.
«Мен ушул айылдын тургунумун. Жылыга малга тоют жыйнайм. Сатпайм, сатып да албайм. Бирок быйылкыдай баага биринчи жолу туш болдум. Биринчи чабык чөптүн 1 боосу 150 сомдон 230 сомго чейин көтөрүлдү. Экинчи чабык 230 сомдон болуп жатты. Самандын баасы болсо 100 сом. Малдын эти гана кымбат болгону менен тирүүлөй сатсак арзан. Учурда байланган чоң койдун баасы 8000 сом. Териси да, жүнү да баа эмес. Тургундар малдарын тирүү эле сатышат. Базарда этти килограммдап саткандар эле пайда көрбөсө, фермер эч кандай пайда көрбөй турган мезгил. Тоюттун баасы абдан кымбаттады. Тоют сатып алып мал багуу бул такыр эле пайдасыздай көрүнүп калды», — дейт Талантбек Орозакунов.
Баарынын баасы 25 сомдон
Короосуна жер жемиштин түрүн өстүргөн Мавлюда айым түшүмдү жыйнап, саттыка чыгарып келет.
Мен жылыга эле короодон терип эле сатып ийчү элем. Быйылкы жылы андай болбой калды. Себеби, жаз кеч келди. Күзүндө күндүз күн жылыганы менен эртели кеч суук болуп жатат. Жайлата кылган эмгегим текке кетпесин деп кошуналарымдын жардамы менен терип, кийрип алдым. Пияз, картошка, сабиздер казыла элек. Баалары болсо баарыныкы эле бирдей 25 сомдон койдум. Улам кызарганын сатып жаткан учурум.
Айзат Түмөнбаева