Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин 6-клаасынын окуучусу Мирбек уулу Шернар аябагандай талантуу жаш сүрөтчү. Анын айтымында сүрөт тартканга кичинекей кезинен эле кызыккан. Азыр болсо сүрөтчүлүк өнөрүмөн башка күрөшкө да кызыгам. Азыркы учурда мектептин спорт залында күрөш менен машыгып жатам. Мен келечекте мушкер болгум келет”, — деди Шернар.
Ал эми Шернардын досу Рахатбек уулу Мергенша досу жөнүндө мындай деди. “Шернар абдан жоош жана тартиптүү бала. Достор жана классташтары үчүн жардамын аябайт. Ошондой эле мектебибиздин үлгүлүү окуучусу”.
Шернардын мугалими Майрам Токсобаева эженин айтымында караганда мектептин жетекчилери жана окуучулары Шернар менен сыймыктанат. “ Келечекте Шернар Кыргызстандын таланттууларынын бири болот деп ишенебиз. Шернар окууларына активдүү катышат жана кабыл алуусу жакшы”-, деди мугалим Майрам Токсобаева.
Мектептин сүрөт сабагынан берген Ишенаалы Майлыбаев агайдын айтуусунда Шернар сынактарга 5-класстан баштап катыша баштаган. Ал өрөөндүк, райондук сынактарда алдыңкы орундарга жетишкен. “Шернар сүрөттөрдү абдан жакшы тартат. Эгерде улантып кетсе чоң сүрөтчү чыгат. Ал сүрөт тартканды аябай жакшы көрөт. Келечекте Шернарды чоң сүрөтчү болушуна биз көмөк көрсөтөбүз “,-деди агай.
Азыркы учурда Шернардын сүрөттөрү мектептин чоң залында илинип турат. Келген адамдардын көңүлүн алып, мектепке кооздук берет.
Даярдагандар: Айзат Асанова, Ырыскул Акматбек кызы, Уулкан Асанова, Адилет Жолдошбеков, Элина Алмаз кызы.