19 – 20 декабрьда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында район аралык олимпиада өтүүдө. Олимпиадага 22 мектептин жакшы окуган окучуулары катышып жатат. Олимпиада химия, биология, география, математика, орус тили, кыргыз тили, англис тили, информатика, тарых жана физика сабактарынан өтүүдө.
Бакай – Ата айылындагы орто мектебинин 11-класстын окуучусу Дастан Төрөкулов олимпиадага катышып жатат. Анын айтымында, олимпиадага катышканынын себеби, “ Ленин атабыз айткандай: “ Окуу, окуу жана окуу” дегендей эле көп жылдан бери окуп келем. Билимимди сынап көрүш үчүн биринчиден олимпиадага катышып жатам. Экинчиден, өзүмдүн мектебимди, өзүмдүн жашаган жериме, өз салымымды билим тармагымды кошойун деп, чоң максаттарым менен катышып жатам”, -дейт Дастан.
Дастанга Олимпиадага жардам берип жаткандар англис тил мугалими Жылдыз Анарбекова жана “Тынчтык Корпусунун” ыктыярчысы Крис Голайтли. Азыркы убакытта мектепте Крис англис тили боюнча ийрим ачты. 9,10,11 класстардын окучуулары катышып, англис тилин үйрөнүп жатышат.
Мектептин завучу Айна Ниязалиева айткандай Олимпиадага катышкан балдарга керектүү окуу куралдары берилет. Андан башка, жеңүчүүлөргө “Ардак Грамоталар” тапшырылат. “Бул Олимпиада балдардын билим сапатын текшерүү үчүн өткөрүлуп жатат”, -дейт Айна Ниязалиева.
Бакай – Ата районунундагы олимпиададан жеңген окуучулар Талас обласунун олимпиадасына катышат. Жеңгендер Республикалык Олимпиадага катышышат. Ошондуктан ар бир жакшы окуган окуучулар өз билимин текшерип, ийгиликке жетишке умтулуш керек.
Даярдагандар: Айнура Бакытбекова, Жаныл Нурсейитова.