Валюталар рыногунда рубльдун курсу кыйла төмөндөдү. Өз кезегинде бул Орусияда иштеп жаткан кыргыз мигранттарына катуу коркунуч алып келүүдө.
Максат Урматов, Талас облусуна караштуу Бакай – Ата айылынын тургуну. Азыркы убакытта Новосибирск шаарында курулушта иштейт. Максаттын айтымында, азыркы болуп жаткан орус рублинин кыйла төмөндөшү Орусиядагы кыргыз эмгек миграннтарына зыян алып келүүдө. “Себеби,- дейт Максат, — бул акчанын берекесинин жоктугу. Оруссияда иштеген мигранттардын акчасына салыштырганда кыргыз сомуна өтө эле аз болуп жатат. Мурда деген миң рубльдын кыргыз сомуна айландырганда бир жарым миң сом болчу. Рубль төмөндөгөндөн бери 1000 рубль, 700 сом болуп калды. Жана бул жерде Кыргызстанга караганда, чыгаша чоң. Иштеген акчаңдын берекеси жок. Акча тартыш, эч нерсеге жетпейт. Баардык эле адамдарга кыйын болуп жатат”, дейт Максат.
Эгерде рубльдин курсу ушундай болуп турса, кыргыз мигранттары Кыргызстанга кайтып барат, — деп ойлойт эмгек мигранты“. Иштеп тапкан акчасы кыргыздарга эч кандай пайда алып келбей жатат. Бул жакта, көптөр эле кетебиз деп, айткандарын угуп жатабыз. Бул жерде эч нерсенин пайдасы жок болуп калды”,- деп кайгырды Максат Урматов.
Бакай-Ата районунда “Айыл Банктын” башкы орун басары Сатканкул уулу Нурландын айтымына караганда, АКШ долларынын көтөрүлгөнүнө байланыштуу орус рубли түшүп жатат”.
Бакай – Атанын айыл тургуну Таалайбек Мамбетов көйгөй жөнүндө минтип айтты. “Рубльдын курсу кыргыз сому менен барабар болуп жатат. Бул убактылуу көрүнүш болуш керек. Орусиядагы иштеп жаткан биздин эмгек мигранттары Кыргызстанга келиши мүмкүн. Бирок алардын жаман да болсо Орусияда жумушу бар, Кыргызстанда болсо жумуш аз. Бишкекте курулуш жумуштары зор, бирок айыл ичинде кышкысын жумуш жок”.
Белгилей кетсек, азыркы учурда Бакай –Ата айылынын көптөгөн тургундары Орусияда эмгек мигрант болуп иштөөдө.
Даярдагандар: Бакай Сапаралиев, Айпери Орозалиева, Бекболот Келдибеков.