Ак-Талаа районундагы айрым орто мектепин окуучуларына кышкы жылуу кийимдер: күрмө жана өтүк бекер берилди. Бул боюнча “Ассалоом” кайрымдуулук гуманитардык фондунун жетекчиси Нурбаев Нурмухаммед Бакирдинович билдирди.
Нурмухаммед Бакирдинович кандай үй-бүлөнүн балдарына жардам бердиңиздер?
Биринчи биз эки тайпага бөлгөнбүз. Биринчиси бул жетим-жесирлер, экинчиси турмуш-шарты оор үй-бүлөнүн балдары. Ушул тапта Ак-Талаа районунан 2 мектеп жана бир лицейдин окуучуларын тандап алдык. Жалпы саны 108.
Дагы кайсы жерлерге барып жардам бересиздер?
Биз Бишкекте тургандыктан Чүйдүн айланасын көбүрөөк камтый бериптирбиз да. Анан ушул жердин кулуну бар Бекжан деген жигит. Мына ушул жигит “Замандаш” партиясы экөө кайрылды эле. Анан келип жардам берип жатабыз. Негизи биздин жумуш кылган жерибиз жалпы Кыргызстан.
Ак-Талаа районундук билим берүү бөлүмү жана мектептердеги социалдык педагогдордун жардамы менен алдын ала жардам алуучу балдардын категориялары аныкталган. Бул боюнча Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин социалдык педагогу Жангазиева Бурулга бир нече суроо менен кайрылдык:
Бүгүн окуучулар кандай категориялар менен жардам алышты?
Мындан 5-6 күн мурун 40 окуучунун аты-жөнүн бергиле жардам беребиз дешкен. Биз болсо 41 окуучунун тизмесин бергенбиз. Буларды аябай дыкат карап, томолой жана жарым жартылай жетим жана турмуш- шарты абдан начар иштебеген үй-бүлөнүн балдарынын тизмесин бердик. Ушунчалык жардам берилет деп ойлогон эмеспиз. 1-2 айда келет го дегенбиз. Бирок тизмени алып кеткенден кийин тез эле “жардам келди балдарды алып баргыла” дешти. Райондук маданият үйүнө алып бардык. Ошол жактан алышты. Биздин мектептен 42 окуучу жардам алышты. Бут кийим жана куртка алышты. Сапаты аябай жакшы экен. Ата-энелер , окуучулар ырахмат айтышты. Жаңы жыл алдында жакшы белек болду.
Бүгүн кайрымдуулук фондунан жардам алып жаткан Баетов айылынын тургуну Матмусаева Упөл бейтааныш адамдардын жасаган жакшылыгына ыраазычылыгын мындайча билдирди:
Куртка алдым неберелериме. Чон рахмат. Жаңы жылдын белеги болду. Мектеп жетекчилерине да эске алып койгондоруна чоң рахмат.
Даярдагандар: Барчын Мамытбекова, Сыдык Шамшыбеков, Нагима Билимбекова