Талас облусунун Бакай-Ата айылында Балдарга билим берүү музыкалык мектебинде кыргыз тилинен сынак болуп өттү. Сынака Бакай-Ата районунан тогуз айыл өкмөтү келип катышты. Бир нече убакыттан бери катышуучулар эңсеп келген кыргыз тил сынагы бүгүнкү күнгө туш келди.
Кыргыз тил сынагынын уюштуруучусу Бузурманкул Төлөбаев мындай деди, «Президентибиздин кыргыз тил боюнча жарлыгын ишке ашыруу ирээтинде жана Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде октябрдын 15-нен декабрьдын 15-не чейин кыргыз тилинин үч айлыгы жарыялаган. Үч айлыкты жыйынтыкто максатында тил комиссиясы Бакай-Ата райондук тил комиссиясы жыйнтыктоочу турун бүгүн өткөрүп жатат.
Бул эле жерге бир эле, ар бир уюм мекемелерде дагы ишканаларда жана айыл өкмөттөрдө кыргыз тилди кандай алып барып жатат жаткандыгын чечүүчү тур болду, ага Бакай-Ата районунан тогуз айыл өкмөтү катышып жана үч топко бөлүнүшүп «Тил кербени», «Тил байлыгы» жана «Кыргыз калкым» тобу катышты. Бул жерде Бакай-Ата райондук мамлекеттик админстрациянын башчысынын орун басары Айжамал Эсенбековнага келип ушул үч айлыгынын жүрүшүндөгү, ар бир комиссиянын жыйынтыгы боюнча ардак грамоталары жана ыраазычылык барактары тапшырылды.
Андан тышкары эң баалуу, акчалай сыйлыктары тапшырылды. Кыргыз тил сынагы өтүп жатканына Бакай-Ата айыл тургундары кубанычына чек жок экенин жашырган жок.
Даярдагандар: Бакай Сапаралиев, Алижан Куттубеков.