Жаз менен Куланак токой чарбасында 20 000 карагайдын жаңы көчөттөрү отургузулду. Бул көчөттөр 2016 — 2017 — жылдан бери Куланак жана Жан — Булак айылдарындагы питомниктерде эгилип, багылган.
Куланак токой чарбасынын башчысы Фархат Абдыжакыпов төмөндөгүлөргө токтолду:
«Нарын токой чарбасы 4 бөлүмдөн турат. Нарын, Он – Арча, Кара – Тал, Куланак бөлүмдөрү болуп. Токой бөлүмдөрүнө жылына берилген план бар. Ар бир бөлүмдөргө 7 гектардан чуңкур казылып, 1 жыл мурун эле даярдоо иштери жүрөт. Кийинки жылы көчөттөр отургузулат. Былтыркы жылы күзүндө Жан – Булакка 5 гектар жер дайындалган, 1 жума мурун көчөттөр отургузулду. Куланактын Терек – Суу участогунун Тарашадан 6 гектар жерге чуңкурун дайындап жатабыз,бул жерге да кийинки жылы көчөттөр отургузулат.
Буга чейин көчөттөр кандай тартипте отургузулчу эле деген сурообузга төмөндөгүдөй жооп ала алдык:
«2016 – 2017 – жылдарга чейин Нарын токой бөлүмүндө Калинин деген айылда Кайыңды деген питомниктен алынып келчү, уругун Көлдөн, негизи жетпеген көчөттөр Көлдөн тартылып келчү. 4 жылдан бери Жан – Булакта “Жийде бак” деген питомник бар. Ошол жерге карагай өстүргөнгө жерин даярдап, өстүрө баштадык. Быйылкы жылы өзүбүздөн өндүрүлгөн 20 000 ашык көчөттөр отургузулду. Жаз менен уруктар себилди, кийинки жылдарга деп. Буюрса 2 жылдан кийин тиккенге жарап калат. Капчыгайлардын ичинен өзүбүздүн карагайлардан уруктарды чогултабыз.
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева
Мыкты макала сынагы үчүн