Бир жылда бир келүүчү мусулмандардын майрамы болгон улуу рамазан айы быйылда келип, аяктап бара жатат. Бул айда мусулманмын деген баардык адамдар орозо кармашып бири-бирине жакшы маанай тартуулашат жана орозо айында жер-жерлерде ооз ачыруу иштери болуп турат ошондой иштер Нарын районунун Куланак айылында да болду.
Кечээ 9-июнь күнү ооз ачуу убактысында Куланак айылынын Аралбаев орто мектебинин ашканасында ооз ачыруу иш чарасы болду. Бул иш-чараны айылдын өнүгүшүнө салымын кошуп, айылда биринчилерден болуп ажылык сапарга барып келген маркум Касымаалы Ажынын элесине арналып, анын балдары неберелери уюштурушкан. Иш-чаранын жүрүшү боюнча кененирээк ушул макалабызда баяндайбыз.
Болуп өткөн иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Эсенбек байке кененирээк буларга токтолду.
“Касымаалы Ажы атабыздын аты бир топ жылдар мурун айылыбыздагы негизги чоң жолубузга ыйгарылган. Бирок ал жактагы үйлөргө илинген табличкалар эскирип кеткендиктен аларды азыркы заманбап стилде жасатып алмаштырдык. Анан ошондой эле орозо айы болгондуктан, элден бата алып, куран окутуп коелу деген максатта бул ишти жасадык, бардык келген адамдарга чоң рахматыбызды айтып, ыраазычылык билдиребиз. Бардыгынын маанайлары жакшы. Келечекте дагы атабыздын эстелигин орнотолу деген ниетибиз бар буюрса”,-деди Эсенбек Ырсалиев.
Жана ошондой эле болгон ооз ачыруу ишине Нарын облустук казыятынан дагы өкүлдөр келип күбө болушту.
Нарын облустук казыятынын окуу мечиттер бөлүмүнүн адиси Саипсейит Дүйшөнбекович мындай деди:
“Казыятта иштеп жатканыма 7 жыл болду. Быйылкы жылы өзгөчө көп жерлерге барып атабыз, көп жерлерде дээрлик баардык эле жерлерде ооз ачыруу иштери болуп жатат. Бүгүн Кудай насип кылган жери Куланак экен. Биз кайсы жерге барбайлы адамдардын динге болгон муктаждыктарын көрүп атабыз, динди так жана даана түшүндүргөн адистерге муктаж экендигибиз элден билинип турат, анан кайсыл жаат болбосун айыл элинен болобу бизге үлгү бол турган адамдарды медреселерге жөнөтө турган муктаждыктар болууда.»
«Азыркы учурда элдин маанайы жакшы кайсы жерге барсак да орозону жылдан- жылга көп адамдар кармап жатканын байкап атабыз, жыл сайын орозо айында болуп турат мындай иштер”,-дейт казыяттын өкүлү.
Иштин жүрүшүндө арбактарга багышталып куран окулуп, атайын казыяттын даярдалган видеороликтери, кыска метраждуу кинолору көргөзүлдү. Анан келген өкүл баян айтып, сөз сүйлөп келгендерди кызыктырып турду.
Ооз ачып жаткан тургундарга дагы сөз берилип өздөрүнүн ойлорун,тилектерин айтып турушту.Аталган иш-чаранын жүрүшү боюнча Куланак айылынын жашоочусу өз ою менен бөлүштү.
“Менин атым Росия Карагулова, бүгүн абдан жакшы күн болуп жатат, буга чейин мындай боло элек болчу, баарыбызга аябай жакты баары жакшы, ушундайлар көп болуп турса эле эл ынтымактуу болот эле”,-деди Росия апа.
Орозодо эң негизгиси адамдар ынтымактуу болуп бири-бирине болгон кастыкты жоюп кечиришет эмеспи, ошондой эле быйылкы жылдагы орозо айы дагы абдан жеңил жана бат өтүп жатат дешет айыл тургундары.
Даярдаган: Ырысбай Адамалиев
Сынак үчүн