2020-жылдын 1-август күнү кечки саат 21:00 чамаларында жаап баштаган жаан нөшөрлөп катуу жаанга айланып Нарын облусу Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагынын Куланак айылында тоодон түшкөн сел агындылар Нурбай булуң каналына батпай ашып, айылды сел каптады.
Таштанбек көчөсүнөн 14 турак үйдүн короолоруна кирип анын ичинен 3 турак үйдүн жер төлөсүнө чейин кирген, ошондой эле Касымалы Ажы көчөсүнөн 12 турак үйдүн жана Шүкүрбек көчөсүнөн 2 турак үйдүн короолорун суу каптаган.
Жерине Нарын шаардык №16 ӨКБнөн 5 кызматкер барып саат 22:45 чыгып, саат 23:50дө барып көзөмөл жүргүзүлдү. Натыйжада 28 турак үйдүн короолоруна суу кирип жана Нурбай булун каналынын болжолдуу 400-500 метр жерин терендетүү иштерин жүргүзүлүшү керек экенин аныктаган. 1-август күнү жерине техникалар тартылып тазалоо иштери башталды.