Нарын облусунун Куланак айылынын А.Аралбаев атындагы орто мектебинин 9“б” классынын окуучулары «Жаныл Мырза» драмасын коюп беришти. Драма абдан балдардын кызуугусун жаратты.
Коюлган драмада Жаныл Мырзанын ролун жараткан Нуриза Алтынбек кызы ”Биз «Жаныл Мырза» драмасын койгондо көптөгөн кыйынчылыктар болду. Мен бул драмада Жаныл Мырзаны ролун жараттым. Менин максатым баатыр кыздын тайманбастыгын, эр жүрөктүүлүгүн, элге жасаган эрдигин окуучуларга жеткирүү болгон. Бул ролду толук кандуу аткара албасам дагы берилүү менен жеткире алдым”-деди.
Бул драмада дагы бир каармандын ролун жараткан Амантур Бейшенбековдун бизге берген маегинде төмөндөгүлөрдү айтты: ”Бул драмада мен ырчынын ролун аткардым. Аткарган ролум өзүмө жакты жана мен жеткире аткара алдым деп ойлойм.»-деди
Бул драмада Жаныл Мырзанын образын Нуриза Алтынбек кызы, ырчынын образын Амантур Бейшенбеков, Канат Бек уулу жана башкалар роль жаратышты. Бул саамалыктан улам окуучулардын адабиятка кызыгуусуна ынандык.
Даярдагандар: Зулайка Мирлан кызы, Перизат Кубанычбекова, Айзат Асанова, Ырыскул Акматбек кызы.