«Аба-ырайы суук болгонуна карабай комур баасы арзан, 1 кг көмүрдүн баасы орточо 5 сом болуп жатат»- дейт өзүнүн менчик портери менен көмүр алып сатып жүргөн жеке ишкер Арапбай. Анын айтымына караганда 70% жакын көмүр керектөөчүлөр коңшу Тажик республикасынын жарандары болгондуктан алар көмүр баасын жасалма жол менен арзандатып жатат. «Ушундай улана берсе жергиликтүү бюджеттин негизин түзгөн көмүрдү сатуудан түшкөн салык аз өлчөмдө чогулуп, жергиликтуу бюджет аз топтолушу мүмкүн. Эмне болсо да кошуна мамлекет менен соода сатык мамилебиз бузулбай турса болду»- дейт жетектөөчү адис Б. Юсупова.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров