Кошбулак аймактык башкармалыгынын маалыматына караганда 164 Га ашык бош жаткан кайрак жерди жана «камчатка» аймагын сугат суу менен камсыз кылуу иш аракеттери жүрүп жатат.
148-жылдык тарыхы бар Сүлүктү шаары жалаң 47 км аралыктан тартылып келген суу кууру менен ичүүчү суу менен гана камсыз болгон. Бул долбоор ошол мезгилде И. Раззаковдун түздөн түз жетекчилиги менен ишке ашып сенсация жараткан.
Акыркы учурларда шаардын көмүр өндүрүүсү жогорулап, калктын саны көбөйүп элдин керектөөсү кескин өстү. Геоэкологиялык шартка байланыштуу кошуна тажикстан менен соода сатык мамилелери «муз тоңуп» арзан айыл чарба продуктуларынын келүүсү азайып, азык түлүк маселесине кооптуу жагдай жаралуусу мүмкүн. Бишкектен 1157 км аралыктагы бул аймакты кыргызстандан өндүрүлгөн азык түлүк менен камсыздоо кымбатка турат.
«Азык түлүк коопсуздугун сактоо үчүн жана кошумча жумуш шартын түзүү үчүн 2015- жыл президент тарабынан Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыяланган» указын ишке ашыруу үчүн ушул кадамдарды жасап жатабыз. Бүгүнкү күндө долбоордун сметалык наркы эсептелип GIZ программасы аркылуу каржылануу маселеси чечилип жатат»-дейт Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Бакытбек Сапаркулов.
» 2015- жылдын 28-январь күнү Баткен шаарында Германия кызматташтыгынын GIZ программасы менен Кошбулак аймагы ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлдү»- дейт 1- вице- мэр Бавабек Ергашевич Ташев.
Даярдаган: Анварбек Тухтаров