Ысык-Көл облусунун Токтоян айылынын тургундарына мед айымдар тарабынан кызамык оорусу жугуштуу жана андан коргонуу жөнүндө маалыматтарды берүү иши башталды.
Айылдын ден-соолук комитетинин (АДК) мүчөсү Гүлмира Акматбекова «Бизге маалыматтык брошюралар келе элек ошондуктан биз элдерге маалыматтык баракчаларды тарката элекпиз, бирок оозеки түрдө маалыматтарды берип жатабыз», деди Гүлмира Акматбекова.
«Кызамык оорусунун алгачкы эле белгилери адам чүчкүрүп, дене табы жогорулап, оор дем ала баштайт анан денеге кызыл нерселер чыгат. Бул оору аба аркылуу жугат»,- дейт АДКнын өкүлү Гулмира Акматбекова
Токтоян айылынын тургуну Исаева мед.пункттан мед айымдар келип кененирээк малыматтарды берип кетишти деп билдирди.
«Кызамык менен ооруган адамдын көңүлү айнып, кулагынын артына кызыл ала бүдүрчөлөр чыга баштайт. Ал бүдүрчөлөр жүрүп отуруп денесине тарайт. Бул оорудан 10-15 күндүн ичинде айыгып кетсе болот»- деген ойлору менен бөлүшө кетти Рахат Исаева
Даярдагандар: Рита Кеңешова, Мадина Кеңешова