Кыш келээри менен Ысык-Көл облусунун Токтоян айылынын тургундары муз тебүү үчүн коңшу айылдарга барышчу, бирок жакындан баштап аталган айылда чакан муз аянтча ачылды.
Айыл тургуну Садыр Шатенов жасаган муз аянтчасы жөнүндө анын жубайы Анара Майлыканова төмөндөгүлөрдүайтып берди: «Муз аянтчаны ачканыбыздын себеби, айылдагы балдар көп эмгектенишет аларды эс алышсын деп ойлодук. Бул ойду былтыр ойлонгонбуз бирок шарт болбой, коньки табылбай жаткан»- дейт Анара айым.
«Муну жасап жатканда көп кыйынчылыктар кабыл болдук, муз тоңбой, айылыбыздын суусу да туздуу болуп, оңою менен тоңбойт экен»-деп баса белгиледи Майлыканова.
«2-3 күндөн бери суук болгонуна байланыштуу тоңду. Тоңгондо түздөп, дамбалап убарасы көп болду»-деди Анара айым.
«Мага бул жер абдан жакты 50 сом берип каалашыңча тебет экенсиң досторум менен келип жатам ушундай муз аянтчаны куруп беришкенине рахмат»-деп кубанычы менен тең бөлүштү 6-класстын окуучусу Айдай Абдынапыкова.
Даярдагандар: Адина Осмонова, Нурпери Нуркасым кызы, Наргиза Айбек кызы
police brutality essay write my research paper 250 word essay