Жаз демекчи, жаз келип жер ойгонуп, адамдар бардык иштер менен алек болуп жаткан кез эмеспи, бири малын жайлоого кетирүүгө даярдап жатса, мисалы, койлордун жүнүн кыркып, эчкилердин тыбытын тарап, бири жерин айдап, эгин себүүгө камданып жаткан кез.
Бүгүн жаздын 27-күнүндө Куланак айылында жазгы айдап себүү күнү болуп бардык техникаларды жандандырып, айылдык кампага тизишти. Ага Нарын областынын акими болгон Семетей Черикбаев, айыл аймагынын башчысы Касымакун Мамырбаев, айыл өкмөттүн депутаттары болуп атайын делегация бардык техникалар менен, алардын абалдары менен жана бардык эгиндин үрөндөрү менен таанышышты.
Ушул белгилүү дата тууралуу Учкун айыл аймагынын башчысы Касымакун Мамырбаев мындай деп өз ою менен бөлүштү:
«Быйыл жаз эрте келди, мына жазгы иштер өткөн жылга салыштырмалуу 10,15 күнгө эрте козголуп, эрте башталып жатат буюрса эгин, тоюттарыбыз жакшы болот деген ишеничтебиз. Өткөн жылы 10-апрелде техникаларды сыноо иштери болсо,быйыл 27-мартта болуп жатат, айылдагы айдоого жарактуу техникалардын баардыгы келип тизилишти.»
«Үрөн боюнча айта кетсем, Куланак айылында азыр жалпы 75 тонна үрөн турат жана сатууга деген өзүнчө, буудайдын баасы 15 сом, арпаныкы 15 сомдон 20 сомго чейин. Айыл эли толугу менен эгин менен камсыз болгон.»
Убакыттан пайдаланып, айыл өкмөтүнүн ыраазычылык каттары менен өткөн жылда жакшы эмгек көрсөткөндөрдү сыйлоо аземи да болду.
Жана дагы башчыбыз техникалардын абалдары боюнчада тааныштырып кетти.
«Техникалардын абалдары ар бир адам өз кызыкчылыктары үчүн оңдошот жана азыр бул жакка 10 трактор келип тизилди, дагы 20 га жакын техникаларды ээлери ондоп жатышат, баарын кыдырып чыктык»-деп кошумчалады айыл башчы.
Жазгы иштер боюнча Нарын районунун акими дагы келип эл менен жолугушуп жана техникалар менен таанышты.
Аким тракторлорду Ч.Айтматовдун чыгармасы болгон «Эрте келген турналарга» мындай деп салыштырды:
«Турналар келгенде жерге дан түшүрүп талаа иштери башталат го ошол сыяктуу эле тракторлор биздин көк турналарыбыз, булардын үнү чыккан сайын элдин аң сезими ойгонуп жаздын келгени билинет «-деди аким Семетей Мырзабекович.
Жана аким арыктарды тазалоо иштерине да кулактандырууларды айтты:
«Арык тазалабагандарга сууну бербегиле, агып өтө берсин суу жана арык тазалоо иштерине бардыгыныздар катышыныздар деп айылдын жер менен болгон мамилеси жакшы экендигин баса белгиледи».
Бул иш-чарада айыл тургундары биздин топко интервью берүүдөн баш тартышкандыктан маектешүү мүмкүн болгон жок.
Бирок Куланак айылындагы кесиптик лицейдин мастери болгон Шеркул агай биздин суроолорго мындай деп жооп берди:
«Быйылкы жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп белгиленгендигине жараша жаздагы эрте келип бизди сүйүндүрүп жатат жана элибиздагы эрте кыймылдап жазга даярдыгыбыз жакшы болуп жатат, бардыгы эрте болуп жаткандыгына байланыштуу түшүмүбүз да жакшы болот деген жакшы ойлорубуз бар»- деди Жумабаев Шеркул агай
Бүгүнкү күн кубанычтуу болуп, күн дагы ачык жылуу болуп тракторлор жүрүп, элдин жүздөрүндө жылмаюу байкалды.
Автор: Ырысбай Адамалиев
сынак үчүн