Нарын районунун Куланак айылында театр-форум болуп, ага райондун жер-жерлеринен окуучулар келип катышышты.
Театр-форум боюнча маалымат бериш үчүн келген Нарын районунун Токтогул атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу төмөнкүлөргө токтолду:
— Биз бүгүн Куланак айылына театр-форум боюнча түшүнүк берип, чагылдырып келдик. Максаты — караңгылыкта жашаган адамдарды жарыкка үндөө жана үйдөгү зордук-зомбулукту алдын алып, баланын жакшы нерселерге кызыгуусун арттыруу. Ушул максатта жер-жерлерди кыдырып жүрөбүз. Биз беш окуучу атайын «Ага Хан» фондунун демилгеси менен окууга барып, бир апта билим алып келгенбиз.
Театрга окуучулар кызыгып, өздөрү да кытышып, өзүлөрүнө керектүү маалыматтарды ала алышты.





Токтогул орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Нуржан Ибраева Куланакка келгенге чейин Ош шаарына барып, форум-театрга катышып келгенин айтып өттү.
— 23-27-мартка чейин Ош шаарында болгон театр-форумга катышып келгенбиз. Бул иш-чара «Ага Хан» фонду тарабынан уюшулган. Буга чейин Нарын району боюнча мектептерди кыдырып атабыз, эми башка айылдарды дагы кыдырабыз.
Автор: Дилде Шатан кызы
Тренер: Ырысбай Адамалиев
Сынак үчүн