Белек Чүкүшов 1995-жылдан бери Куланакта бак өстүрүү менен алектенип келет. Бактарды мал-койго жедирбей, өз убагында жакшы караса Нарында деле бардык жемиштер өсөт, дейт ал.
Багбанчылык менен канча убактан бери алектенип келесиз?
— Мен өзүм Бишкек шаарында окуумду аяктаган соң Куланакка 1995-жылы келгем. Багбанчылык менен ошондон бери алектенип келем.
Бак иштеринде кандай кыйынчылыктар болот?
— Негизи жерди оңдош керек. Мисалы алманы, малинаны, карагатты жакшылап карап, алмаларды кыйыштырып, анан Нарын малдуу келет эмеспи, аны тосуп малга жедирбей карачу болсо, бизде баары эле өсөт.
Жылына орто эсеп менен багбанчылык боюнча канча киреше табасыз?
— Эми андай деле киреше албайм. Картошкадан өзүмө жеткидей, ага-туугандарга бергидей, анан өстүргүлө деп кошуна колоңдорго берип койгонго жетет. Андан сырткары бак тигүү боюнча кеп-кеңештеримди айтып турам.
Эмне үчүн багбанчылык менен алектенип калдыңыз?
— Негизи мен багбанчылыкка кызыгам да. Анан Нарын десе эле кээ бирөө эч нерсе өспөйт деп ойлойт экен. Аракет кылса бизде баары эле өсөт. Суук болгону менен бизде жайкысын Чүйдөгүдөй эле аба ырайы бар да.
Эрте жазда 1-2 жума болуп калды помидордун, капустанын көчөтүн отургуздум. Ошолорду кайра отургузгула деп кошуналарга, ага-туугандарга, аркы Учкун деген айыл бар, ошол жакта туугандарыма чейин жеткирип бердим.
Элде жер жемиштер жана мөмө жемиштер болсо жакшы да, сатып алып отурбай. Аракет кылсак баары болот. Белек Чүкүшов
Автор: Дания Талгатбекова