«Таза суунун жеткиликтүүлүгү» иш чарасынын алкагында даярдалды
Кадамжай районуна караштуу Уч-коргон айылында “Колосок” балдар бакчасы совет доорунан бери кызмат көрсөтүп келет. Жалпы эле айылдагы таза суу көйгөйү учурда балдар бакчасына да терс таасирин тийгизүүдө. Бакчанын кызматкерлери курулган суучоргосун (Колонка водопроводная) иштетип берсе дешет.
Айылдын тургуну Азиз Нурмаматов күн сайын наристесин “Колосок” балдар бакчасына алып барат. Ичүүчү сууну ал баласына алдын ала камдап берет.
“Кээ бир кемчиликтерди эске албасак, жалпысынан бала бакчалардын шарттары талапка жооп берээрлик абалда. Бирок ичүүчү суунун жоктугунан биз балдарыбызга үйдөн сууну атайын идиштерге даярдап беребиз”,-деп айтып берди Нурмаматов.
Аталган балдар бакчасынын жетекчиси Гульшада Мамажанова менен бул маселе туурасында баарлашып көрдүк. Анын айтымында, ата-энелердин демилгеси менен бакчада өткөн жылдын сентябрь айларында суучоргосу орнотулуп, ал да көп өтпөй бузулуп калган.
“[…] Ата-энелердин демилгеси менен бала бакчага кран орнотулду. Бирок февраль айынан тартып ичүүчү суу крандан акпайт. Азыркы учурда биз арыктан аккан суудан пайдаланып жатабыз […]”,-деп баяндады Мамажанова.
“Колосок” балдар бакчасында таза суу маселеси 2014-жылдын февраль айында кайрадан пайда болгон. Ошондон тарта бакчанын директору жардам сурап айыл өкмөткө кайрылган. Айыл өкмөттөн кандай жооп алганын төмөнкүчө айтып берди.
“[…] Бул маселе боюнча айыл өкмөткө кайрылып келе жатабыз, азырга чейин бир чечүүчү кадам ташталбай келет”,-деп кошумчалады “Колосок” балдар бакчасынын жетекчиси Гульшада Мамажанова.
Уч-коргон айыл өкмөт башчысынын орун басарынын берген маалыматына таянсак, “Колосок” бала бакчасы айыл өкмөтүнүн балансында эмес. Бакча айыл чарба оңдоо акционердик коомунун карамагында жана ага ылайык жергиликтүү бийлик бул маселени өз жоопкерчилигине албайт.
Айыл чарба оңдоо АКнын жетекчисинин айтымында, айыл өкмөтү “Колосок” бала бакчасын өз балансына кайра өткөрүп алуу аракетин баштаган.
“Биз чогулуш өткөрдүк, эгер айыл өкмөтү каржылай алабыз деп жоопкерчилик алса, анда бакчаны аларга өткөрүп беребиз. Эгерде алар каржылай албай турган болсо, анда биздин АК бул бала бакчаны толугу менен өз балансына өткөрүп, бакчаны жеке менчик балдар бакчасына айлантабыз”,-деп билдирди АКнын жетекчиси.
Автор: Шахрибонум Игамбердиева