Мобилдик борбордун мүчөлөрү Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаровдон быйыл алдыга койгон максаттары туурасында билип көрүүгө кызыктык. Мобилдик борбор Кулатов айыл өкмөтүнүн борбору Кызыл булак кыштагында жайгашкан. Маекти жүргүзгөн Канболот Абылкасым уулу.
Быйыл курулуш иштери катуу жүрөт. Эки бала бакча жана мектептерди толук оңдоп түзөө иштери жүргүзүлөт. Жол маселелери чечилет жана айыл чарбасына жаңы авто унаалар алынат. Нуридин Мадимаров
Канболот Абылкасым уулу: Жаңы жылга кандай пландар бар?
Нуридин Мадимаров: Эки балдар бакчасын куралы деп жатабыз. Андан сырткары жолдун бүтпөй калган бөлүгүн бүтүрүш керек. 13,5 километр (км) берилген, анын 5 км бүткөн, калган 8,5 км быйыл июнь айына бүтүрөбүз деген пландарыбыз бар.
Кожо арык айылында бир 50 орундуу бала бакчасы бар. Ошого дагы 50 орун кошуп 100 орундуу кылабыз. Ылдыйкы зонага дагы бир 90 орундуу бала бакча салабыз.
ход-жар зонасынан киргенде 2,5 кл жолубуз калып кеткенн бул жолду да 2014-жылга бүтүрүш иштери киргизилди мен депутаттарга бул жумушту сунуштайм.
Элдин эң эле көйгөйлүү маселеси бар. Кожо арык айылындагы Кайрагач участкасындагы чоң арык толуп калаган. Узундугу 4,5 км. Максатыбыз ошол каналды тазалап, Кайрагач айыл тургундарын өз сезонунда сууну үзгүлтүксүз жеткирип берүү.
Айылдын борборуна Төрөбай Кулатовдун музейи курулуп жатат. Курулуш иштери 2013-жылда бүтүүсү керек эле. Бирок иштер кеч башталгандыктан 2014-жылга калып калды, ушул музейди быйыл бүткөрөбүз.
Азыркы учурда эл дыйкан чарба менен иштебей жатат, бул нерсеге себеп унаанын жетишпестиги, жоктугу десе да болот. Быйылкы жылы бир комбайн, эки трактор алабыз. Элдин жеке менчик комбайн, тракторлору бар. Бирок алар аябай эски, элге кызмат кыла албайт.
Автор: Канболот Абылкасым уулу