Мобилдик борбордун мүчөлөрү Токтоян айыл башчысы Айбек Алмабековдон быйыл алдыга койгон максаттары туурасында билип көрүүгө кызыккан. Мобилдик борбор Токтоян кыштагында жайгашкан. Маекти жүргүзгөн Сыймык Максат уулу.
Сыймык Максат уулу: Учурда Токтоян айылына алдыга кандай максаттар коюлган?
Айбек Алмабеков: Жыл сайын айылыбызда ички жолдор жасалып жатат. Быйыл Иса Күчүков жолун жасатабыз. Узундугу бир жарым чакырым болот.
Алтымыш бир гектар жерди суугат жайына айландырып, андагы эгинди суугарганы арык каздырабыз.
Айылыбыз өзү таза суу менен камсыз болгон. Бирок суу түтүктөрүнүн эскилиги жетип калгандыктан, атайын талдоочуларды чакырып, алардын көрсөтмөсү менен жазда жаңы суу түтүктөрү коюлат.
Андан сырткары Токтоян айылында Мобилдик жамааттык мультимедиа борбору ачылган. Ошолордун ишин алдыга жылдырайын деген оюбуз бар.
Айыл үчүн быйыл койгон максаттар ушулар болуп жатат.
Бул максаттарга күч жетет анткени биз айыл өкмөт менен да бирдиктебиз. Айбек Алмабеков
Автор: Сыймык Максат уулу