Кызыл-Булак айылында акыркы элүү жыл аралыгында биринчи жолу мектеп курулду. Анын курулушуна Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын жардамы менен катар жергиликтүү тургундардын да салымы чоң болду. Жаңы мектеп курулганга чейинки окуучулар билим алган эски орто мектептин абалы менен тааныштыралы деп чечтик.
Сүрөттөр менен кошо билдирилген пикир Кызыл-Булак мобилдик мультимедиа борборунун мүчөсү Канболот Абылкасым уулунун өзүнүн атынан айтылат. Ал эски мектепте 2002-2013-жылдары окуган.
Биз жаңы мектеп курулганга чейин ушундай оор акыбалдагы мектепте окудук. ӨКМ тарабынан бул мектепте окуганга болбойт деп кеткен болчу. Ал убакта чатырда окуган күндөр да болду.
Айрым учурларда ата-энелерди чогултуп, кээ биринин үйлөрүн мектепке айландырып окуган кездерибиз да болгон.
Жамгыр жааган кезде мектебибиздин чатырынан тамчы өтүп, классыбыз сууга толуп калчу. Полдун да такталары эскилиги жетип, чирип түшүп калгандары бар. Көрбөй буту кирип, кокустатып алгандар да болгон.
Эң кызыгы — эшикти каттуу жабыштан да коркчубуз.
Жылуулук жок мектептин ичине меш орнотуп, сабакты ошол мештин айланасында олтуруп сабак өтчүбүз. Балдардын көбү сабакка келбейт да болчу. Анткени күн суук, а мектепте болсо жылуулук жок. Меш болсо түтөп, көздөр ачышып…
Ал күндөр өтүп азыр эми жаңы мектеп курулду.
Автор: Канболот Абылкасым уулу