Кулатов айыл өкмөтүндө «Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү» жылына карата иш чара өткөрүлдү. Техникалык илимдердин доктору, профессор , илимий ачылыштардын жана ойлоп табуучулардын авторунунун эл аралык академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги Кушбарали Тажибаев менен жолугушуу өткөрдү.
9-класстын окуучусу Элмира Раимбердиева: «Бүгүнкү иш чара жогорку деңгээлде өттү. Өзүбүзгө бир топ маалыматтарды, жана билимдерди алдык. Агайыбыздын илим жолундагы ачылыштарына анын физикалык законуна күбө болдук. Кызыккан суроолорубузду берип, автордук китептерин белекке алдык»
Чынара Көчкөнбаева